ОшТУнун базасында КР Билим берүү жана илим министрлиги, Технологияларды, билим берүүүнү жана ишкердикти жандандыруу борбору (ТБИЖБ) менен биргеликте…

Ош технологиялык университетинин базасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Технологияларды, билим берүүүнү жана ишкердикти жандандыруу борбору (ТБИЖБ) менен биргеликте, Германиянын эл аралык кызматташуу коому “GIZ”, “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” программасынын алкагында жумуш берүүчүлөр менен биргеликте “ЖОЖ-ИШКАНА:ИШТЕШҮҮ ЖАНА КЫЗМАТТАШУУ КЕЛЕЧЕГИ” аттуу тегерек стол уюштурулду.

Тегерек стол Германиянын эл аралык кызматташуу коому “GIZ” “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” программасынын колдоосунда уюштурулду. ОшТУнун Карьера борбору, бүтүрүүчү кафедралары менен биргеликте жумуш берүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер чакырылды. Тегерек столду Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору, профессор Кубанычбек Топчубаевич Мансуров алып барды. Тегерек столдун максаты ЖОЖдор менен Кыргыз Республикасынын ишканалары ортосунда адистерди даярдоо сапатын жакшыртуу жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууга көмөөктөшүүнү жакшыртуу жолдорун талкулоо.КР Билим берүү жана илим Министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Абылкасымова Гүлмира Мамытовна “Дуалдык билим берүүнү киргизүүнүн келечеги жана артыкчылыктуу багыттары”, “GIZ” “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” программасынын өкүлү Уран Тыналиев “Билим берүү мекемелери менен жеке менчик сектордун ортосундагы мамилелерди бекемдөө процессиндеги ТБИЖБнин ролу” деген темаларда презентация өткөрүштү. Жумуш берүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Кызуу талкуунун алкагында атайын резолюция кабыл алынды. ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Кубанычбек Топчубаевич Мансуров окуу жайдагы жумуш берүүчүлөр менен биргеликте аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, жалпы катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.