ОшТУда Конфуций каанасы ачылды!

Ош технологиялык университетинде Конфуций каанасынын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын жетекчилери, Конфуций инстутутунун Кытай тараптан директору Лю Вей Чиен, окутуучулар жана студенттер катышышты. Ачылуу аземиндеги концерттик программанын башында кытай элинин улуттук ыр-бийлери жанырды. Эскерте кетсек 2013-жылдан бери кытайдан келген волонтерлор студенттерге тил үйрөтүп келишет.