ОшТУда “Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо, түшүнүктөр жана түрлөрү» аттуу семинар болду.

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте «Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо, түшүнүктөр жана түрлөрү» аттуу жолугушуусу болуп өттү. Негизги максаты Мамлекеттик интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана сактоо, интеллектуалдык менчик объектилерине өтүнмөлөрдү берүүнүн жана каттоонун эрежелери, интеллектуалдык менчик объектилерин мындан ары пайдалануунун жол жоболорун түшүндүрүү болуп саналат. Аталган иш-чарага окутуучулар, магистрлер жана бүтүрүүчү студенттер катышышты.