ОшТУда ачык эшик күндөрү өтүп жатат

Ош технологиялык университетинде “Ачык эшиктер” күндөрү өткөрүлүп жатат. Аталган иш-чараны окуу жайдын Кабыл алуу комиссиясы жана кесипке багыттоо борбору тарабынан уюштурулган. Бул иш-чарада Ош шаарынын,  Ош,  Жалал-Абад жана Баткен областтарынын 8-9-10-11-класстардын окуучулары, мектеп мугалимдери жана ата-энелер катышууда. Келген мектеп окуучуларын окуу жай кенен тааныштырылып, видео роликтер көрсөтүлүп,  окуу жай тууралуу баракчалар таркатылууда.  Мындай Ачык эшиктер 2018-жылдын 31-майына чейин уланат.