ОшТУда 7-апрель окуясы эскерилди.

Бүгүн Ош технологиялык университетинде  7-апрель окуясынын сегиз жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү.  Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышышты. Эскерүү иш-чарасынын алкагында курман болгон эр-азаматтарды эскерүү болуп, куран түшүрүлүп, катышуучуларга “Коомдук илимдер” кафедрасынын окутуучулары тарабынан “Аксы окуясы- март, апрель ыңкылаптарынын башаты”  аттуу лекция окулуп, кенен маалыматтар берилди. Мындан сырткары 2-6- апрель күндөрү ректордун буйругуна ылайык Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолундагы үч ашуу” деген аталыштагы куратордук сааттарды өтүү милдеттендирилген.