ОшТУда 12-апрель Космонавтика күнү белгиленди!

Ош технологиялык университетинде 12-апрель космонавтика күнүнө карата “Космостук изилдөөлөр – адамзат цивилизациясынын келечеги” аттуу  илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Аталган иш-чара окуу жайдын илим бөлүмү жана Физика кафедрасынын эмгек жамааты тарабынан уюштурулуп, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан коноктор, университеттин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышып, анын жүрүшүндө илимий баяндамалар жана учурдагы ачылыштар тууралуу маалымат жасалды.   Жыйынтыгында активдүү катышуучуларга жана мыкты илимий баяндама жасаган студенттерге баалуу белектер жана ардак баракчалары берилди.