“ОшТУ ПЕРИСИ-2018” сынагы болду

Ош технологиялык университетинде тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти жана жаштар иштери боюнча комитети уюштурган “ОшТУ ПЕРИСИ-2018” сулуулар сынагы болуп өттү. Бул иш-чара ОУДТ өткөрүлүп, Ош шаарынын тургундары, катышуучулардын ата-энелери, окутуучулар жана студенттер күбө болушту. ОшТУнун факультеттеринен 8 катышуучу калыстар тобунун сынынан өтүштү. Жыйынтыгында,  1-орунду – технологиялык колледжинин 3-курсунун студенти Бакытбек кызы Жазгүл, 2-орунду – технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин 2-курсунун  студенти Ырысбек кызы Айсулуу, 3-орунду – экономика жана башкаруу факультетинин 2-курсунун студенти Тажимамат кызы Гулира ээлешип, жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга окуу жай тарабынан эс алып келүү үчүн жолдомолор,  дипломдор жана баалуу белектер  тапшырылды.