ОшТУ да стол теннис залы ачылды!

Ош технологиялык университетинде стол теннис залынын ачылуу аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, ЖОЖ өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышышты.  Алгач куттуктоо сөздөрү айтылып, андан соң  ачылуу аземине карата жогорку окуу жайлар аралык мелдеш уюштурулуп, зал өз ишин баштады. Теннис залынын курулушу 2017-жылдын сентябрь айында башталып, үч миллион үч жүз мин сом сарпталып, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында биринчи болуп ОшТУда ачылды.