Ош технологиялык университетинде технопарк курулат!!!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуальдык менчик жана инновациялык мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган маарекеде Ош технологиялык университети “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын алдында Технопарктарды түзүү боюнча” конкурсунун женүүчүсү аталып 1 900 000 (бир миллион тогуз жүз мин) сом утуп алды. Эми бул каражатка окуу жайдын алдында технопарк түзүү үчүн сарпталмакчы. Мындан тышкары окуу жайдын алдындагы Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору эн мыкты борбор деп табылып, директору профессор Нурлан Калдыбаев ардак баракча менен сыйланды. Эске салсак, окуу жайда Технопарк 2011-жылы түзүлүп, коомдук башталыш катары иштеп келген.