“Дархан-ОшТУ” жогорку лигада чемпион болду.

Ош технологиялык университетинин “Дархан ОшТУ” волейбол командасы Бишкек шаарында өтүп жаткан Жогорку окуу жайлар аралык универсиадада биринчи орунга ээ болуп, республиканын чемпиону болду. Аталган клубдун оюнчулары жалпысынан беш оюн өткөрүп, финалдык мелдешке кыргыз техникалык университетинин командасы менен беттешти. Жыйынтыгында ОшТУнун “Дархан ОшТУ” волейбол командасы КР “Универсиада-2018” Кыргызстан чемпионатында жогорку лигада чемпион болушту. Бүгүн команданын жалпы курамын жана машыктыруучусун ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов кабыл алып, куттуктоо сөздөрүн айтып, мындан ары да ийгиликтерди каалады.