ОшТУнун символдору

Ош технологиялык  университетинин желеги

Авторлор: Эмиль Орозбеков, Карыбек Ашбаев, Улукбек Токтосунов


Ош технологиялык  университетинин  герби

Авторлор: Эмиль Орозбеков, Карыбек Ашбаев, Улукбек Токтосунов


Ош технологиялык  университетинин  гимни

Сөзү: Нургазы Ташиевдики,

Музыкасы: Маматибраим  Бостонкуловдуку

Уюткулуу улуу кыргыз элимдин,
Урпагына үрөөнүн чач билимдин.
Улан-кыздар сапар алган турмушка,
Улуу жолдон кутун тапсын билимдин.

Кайырмасы:
Орун алып туруктуу,
Оболосун кызыл туу.
Орун алган Ошумда,
Окуу жайсың ооматтуу.

Жаштык, сүйүү, достук ырын жаңыртып,
Жаңы доорду, чексиздикти багынтып.
Жаңылыктар чыга берсин ОшТУдан,
Жаш адисти бүт дүйнөгө таанытып.

Кайырмасы:
Орун алып туруктуу,
Оболосун кызыл туу.
Орун алган Ошумда,
Окуу жайсың ооматтуу.

Атажурттун эртеңкисин утурлап,
Аалам кезип, алды жакка жол кынап.
Асабалуу университетим өсө бер,
Алды жакка ишенимдүү жол улап.

Кайырмасы:
Орун алып туруктуу,
Оболосун кызыл туу.
Орун алган Ошумда,
Окуу жайсың ооматтуу.

Leave A Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *