ОшТУнун ректору

Абидов Абдыкадыр Омарович


ОшТУнун ректору

Окумуштуулук даражасы:  Техника илимдеринин доктору
Окумуштуулук наамы:  профессор,   Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын, Эл Аралык Инженердик Академиясынын академиги
Билими: Фрунзе политехникалык институту, Ош кечки факультети  (ОшТУ) 1990-жыл.  Автомобилдер жана автомобилдик чарба.

Эмгек жолу: 1982-1983-ж – Ош текстиль комбинаты, слесарь-оңдоочу;
1983-1985-ж – Советтик Армияда кызмат өтөө;
1985-1988-ж – «Спецмонтаж» курулуш башкармалыгы, электр ширетүүчү,
1988-1990-ж – Түштүк Кыргыз окуу-илимий борбору, инженер, ага инженер;
1990-1993-ж – Ош жогорку технологиялык колледжи, окутуучу;
1993-1996-ж – Улуттук Илимдер Академиясы, «Импульс» илим-изилдөө борбору (азыркы Машине таануу институту), аспирант;
1996-2003-ж –  Улуттук Илимдер Академиясы, Машина таануу институту, инженер,     илимий кызматкер,  жетектөөчү илимий кызматкер;
1997- 2003 –ж – Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын Башкы окумуштуу катчысы;
2003-2010-ж – Академик  М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, Институттун директору, кафедра башчысы;
2010-жылдан ОшТУнун ректору кызматында.

Илимий иштери: 80 тен ашуун илимий макала,  ойлоп табууга 4 патент, 1 монография, 3 окуу китеби, 10дон ашуун окуу усулдук колдонмолор. Илимий жетекчилиги алдында 2 илимдин кандидаты даярдалган.

Квалификацияны жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу: 2011-ж. Тбилиси мамлекеттик университети (Грузия), 2012-ж. Синцзян мамлекеттик университети, (Кытай), 2012- ж. Америка Кошмо Штаттарынын жогорку окуу жайлары, 2012-ж. Түштүк Кореянын жогорку окуу жайлары, 2013-ж. HTH университети (Швеция), 2013-ж. PJU университети (Португалия), 2014-ж. (Түштүк Корея), 2015-ж.(Кытай), 2016-ж.(Австрия), 2017-ж.(Россия)

Сыйлыктары: ОшТУнун Ардак грамотасы, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, РФ Ош шаарындагы Генералдык консулдугунун Ардак грамотасы, КР Олимпиада комитетинин Ардак грамотасы, КР Коргоо министрлигинин Ардак грамотасы, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «ӨКМге 20 жыл» юбилейлик медалы.

Кошумча маалымат: КР Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти (1998-ж.), анык мүчөсү(академиги) (2000), Эл Аралык Инженердик Академиянын (Москва ш.) мүчө-корреспонденти (2007-ж.), анык мүчөсү(академиги) (2009-ж.) болуп шайланган.

Байланыш телефону:  +996  (03222) 4-38-83

Электрондук почтасы: abidov_65@mail.ru

Leave A Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *