ОшТУда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенишкен айымдар төш белгилерге ээ болушту

8-март Аялдардын Эл-аралык майрамына карата Ош технологиялык университетинде көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келишкен эжекелер төш белгилерге ээ болушту. “Кыргыз-Туусу” гезити “Кыргыздын кыраан кыздары” төш белгисин Технологиялык колледжинин “Математика жана статистика” кафедрасынын башчысы, доцент Гулайым Зикирова, Архив башчысы Акмарал Кадыровага ыйгарышты. Ал эми “Ала-Тоо айымдары” коомдук бирикмеси “Ала-Тоо айымдары” төш белгилери “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасынын башчысы, профессор Айжаркын Аширбаевага, “Магистратура” бөлүмүнүн башчысы, профессор Мээрим Атакуловага, “Англис тили” кафедрасынын башчысы, доцент Азара Кулубековага, доцент Толгонай Жолдошева, ага окутуучу жана Назгул Эркинбаеваларга ыйгарылган.