Ош технологиялык университетинде ОшТУ Мырзасы-2018 жигиттер кароо сынагы өттү

Ош технологиялык университетинде ОшТУ Мырзасы-2018 жигиттер кароо сынагы өттү. Иш-чара окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын БАЗында өттү. Жалпысынан 400дөй көрүүчүлөр оюнга күбө болушту. Жыйынтыгында 1-орунду Энергетика факультетинин студенти Адилбеков Алманбет алса, 2-орунду Архитектура жана курулуш факультетинин студенти Маматемин уулу Кутман алып, ал эми 3-орунду Экономика жана башкаруу факультетинин студенти Ырысбаев Абдыкадыр ээледи. Жеңүүчү аталган мырзаларга окуу жай жетекчилиги тарабынан акчалай жана баалуу белектер тапшырылып, Ыссык-Көлгө жайкы эс алууга жолдомо берилди.