Ош технологиялык университети Ак калпак майрамын белгилешти.

Бүгүн Ош технологиялык университети Ак калпак майрамын белгилешти. Жалпысынан 150дөй ОшТУнун активист студенттери баштарына ак калпактарды кийип, жөө жүрүшкө чыгышты. Ошондой эле окуу жайдын башкы корпусунун алдында ак калпакка арналган концерттик программа тартууланып, окуу жайдын студенттерин ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов куттуктады. Бул иш-чаранын максаты кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпакты даңазалап, аны ар дайым барктап, баалоо болуп эсептелет.