“Кыз адеби кымбат” деген темада жолугушуу иш-чарасы өттү

Бүгүн Ош технологиялык университетинде Ош технологиялык колледжинин Информатика, программалоо жана байланыш кафедрасы тарабынан “Кыз адеби кымбат” деген темада жолугушуу иш-чарасы өттү. Иш-чарага окуу жайдын мугалимдери, студент кыздар жана Ош шаарындагы #3-поликлиниканын дарыгерлери катышты. Келечекте эне боло турган кыздарга врачтар өздөрүнүн кеп-кеңештерин беришти.