Кесипке багыттоо жана ЖОЖго чейин даярдоо борбору

Кесипке багыттоо жана ЖОЖго чейин даярдоо борбору (КБжДБ)


Билим үчүн күрөш – өлкөлөр, корпорациялар, жеке адамдар үчүн чоң майданга айланды. Татыктуу жашоо жана  турмуштун түрдүү кырдаалдарында жемиштүү эмгектенүү  ар бир адамдан терең билимди  талап кылууда. Кесипти туура таңдоо – жаркын келечекти таңдоо менен барабар. Бул багытта силерге Ош ТУнун «Кесипке багыт берүү жана даярдоо борбору» (КБ ж ДБ) чоң  көмөк көрсөтөт. Борбор 2010 – жылдан бери иштеп келүүдө, көптөгөн абитуриенттерди туура кесип таңдоосуна, жогорку окуу жайларга өтүүсүнө, республикалык тесттерге, олимпиадаларга татыктуу даярдануусуна чоң өбөлгө болууда.

КБжДБнын угуучуларына окуу мезгилинде «угуучулук билет» берилет, бул билет менен библиотекадан, окуу залынан, интернеттен кеңири акысыз пайдаланууга болот. Муктаж болгондорго «Студенттер үйүнөн» убактылуу жашоо үчүн жай берилет.

Окуу жылынын жүрүшүндө борбор тарабынан регулярдуу өткөзүлүп турган «Ачык эшик күндөрүнө» катышып, университет жана борбордун ишмердүүлүгү боюнча толук маалымат алууга болот.

Ош технологиялык университети  “Даярдоо борбору” 

  • Математика
  • Физика
  • Химия
  • Орус тили
  • Англис тили

предметтери боюнча олимпиадага, жалпы республикалык тестке жана РФнын борбордук  ЖОЖдоруна даярдайт.

Биздин университет жана Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин (НМТУ) ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, “Даярдоо борбору” НМТУга жана Россиянын жогорку окуу жайларына окууга өтүүнү каалаган абидуриенттер үчүн тестирлөө сабактарынан 3 айлык курстарды уюштурат. Курстар бүткөн убакта НМТУнун кабыл алуу комиссиясы Ош ТУга келип, кирүү сынактарын кабыл алышат. Былтыркы окуу жылында НМТУнун ар кандай адистиктерине биздин борбор аркылуу 9 абитуриент бюджетке өтүп ийгиликтүү билим алышууда.

2017-18 окуу жылына КБжДБнын иш планы (PDF)

КБжДБ жөнүндө жобо (орус тилинде, PDF)