Илим жана инновация боюнча проректору

Шамшиев Бакытбек Нуркамбарович


Окумуштуулук  даражасы жана наамы: айыл – чарба илимдеринин доктору (2007), профессор (2016).  КР Инженердик академиясынын академиги (2014).

Кызматы: илимий иштер жана инновация боюнча проректор

Воронеж токой-техникалык институтун (1990), КМУ-нун юридика факультетин (1998)  бүткөн.  Москва мамлекеттик токой университетинде аспирантурада окуган (1991-1995).

Эмгек жолу: КР-нын мамлекеттик жаратылыш комитетинин экологиялык илимий-маалымат эсептөө борборунда (Ош ш.) инженер, кенже илимий кызматкер (1990-91), ОшМУ-да окутуучу (1996), Кыргыз-өзбек университетинде кафедра башчысы (1996-2000), Ош гуманитардык педагогикалык институтунун илимий иштер боюнча проректору, кафедра башчысы (2000), КР УИА-нын түштүк бөлүмүнүн илимий катчысы (2001-03), Жаратылыш ресурстарын комплекстүү пайдалануу илим-изилдөө институтунун тоо проблемасы лабораториясынын башчысы (2004), КР УИА-нын түштүк бөлүмүнүн төрагасынын орун-басары (2005-06), КР УИА-нын биосфера илим-изилдөө институтунун (Жалал-Абад ш.) директору (2007-2008).  ОшТУ-нун ректорунун кенешчиси, эл аралык проекттердин координатору (2009-2010),  (2010-2015) ОшТУ-нун илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча проректору. ОшТУ-нун илимий иштер жана инновация боюнча проректору (2016 дан).

Сыйлыктары: КР Улуттук Илимдер Академиясынын Президиумунун, Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк Бөлүмүнүн жана КР Билим Берүү жана Илим Министрлиги, Ош облусунун жана шаардык мамлекеттик администрациясынын – Ардак грамоталары менен сыйланган.  КР Айлана чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери,  КР билим берүү отличниги, Россиядагы Табигый Академиясы тарабынан Н. И. Вавилов атындагы алтын медалы менен сыйланган.

110-дөн ашык эмгектин (анын ичинен 4 монография, 10 илимий-усулдук колдонмо) автору.

Дареги : Рабочий: (+996 3222) 43314. Мобильный : 0773 75 90 29; 0553759029.

E-mail:  shamshiev@list.ru

Leave A Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *