Аталган сүмөлөктү Ош шаарындагы “Жаштар багында” уюштуруу пландалган

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Жаштар” багында Ош технологиялык университетинин эмгек жамааты сүмөлөк өткөрүүгө өз милдетин алган. Аталган сүмөлөктү Ош шаарындагы “Жаштар” эс алуу жайына уюштуруу пландалган. Сүмөлөктү кайнатуу менен кошо Кадыр түн кечеси өткөрүлөт. Башкача айтканда кыргыздын каада-салттары, ыр-бийлери жаңырып, жаштар үчүн бий кечеси болмокчу. Ош шаарындагы бардык каалоочулар келип эс алып кетсеңиздер болот.