ОшТУнун китепканасы

  • ОшТУнун китепканасы жөнүндө маалымат.


    Ош технологиялык Университетинин китепканасы башкы корпустун 1-кабатында жайгашкан. Китепкананын жалпы аянты 1502 м. кв. Китепканада студенттердин окуу залы, мугалимдер үчүн окуу зал, абонемент, чет тилдер каанасы бар. 2008-жылдан баштап университетте Ош шаардык китепкананын филиалы иштейт.

    Жалпы китепкананын китеп фонду – 109 459 даана
    Окуу усулдук куралдар -29388 даана
    Жаңы келген китептер-1401 даана

    Китепкананын фонду дайыма жаңы окуу китептер, окуу усулдук колдонмолор, илимий адабияттар менен университеттин окутуучу-профессордук курамдын тарабынан иштелип чыккан эмгектери менен толукталып турат. Университет  эл аралык китепканаларды автоматташтыруу жана электрондук китепканалардын жаңы информациялык технологияларды иштеп чыгаруучулар электрондук китепканалардын Ассоциациясынын (Ассосация KIRLIBNET.ru/kg)  мүчөсү болуп, 2009-жылдын 26-февралынан  бери эсептелет.

    “ИРБИС-64”  программасы- бул жаңы технологиялар боюнча китепканаларды автоматташтыруу системасын өздөштүрүү. Бул система дайыма өсүп, өнүгүп ошону менен бирге жаңы техникалык, систематикалык  жетишкендиктерди иштеп чыгуу менен өз ишин жөнгө салып турат. Окутуучулар менен студенттер “  ИРБИС-64” программасынын электрондук каталогун дайыма колдонушат.  Илимий китепканадан окутуучулар жана студенттер толук кандуу интернет булактардан пайдалана алышат.          ОшТУнун китепканасында китептердин, журналдардын, газеталардын жана башка басылмалардын электрондук каталогу бар. Андан башка китепканада систематикалык,  алфавиттик жана топографиялык каталогдор бар.


  • Кечиресиз!!! Бул бет толукталууда



  • Кечиресиз!!! Бул бет толукталууда

Leave A Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *