ТИжСӨД

  • Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти


    ТИжСӨД директору  Ыдырысов Рамис Жумабекович
    ЭС(ТК) кафедрасынын окутуучусу
    Адистиги: инженер -электрик
    тел: 0777 144 124
    эл.почтасы: presseoshtu@mail.ru

    Департаменттин негизги максаты – окуу жайдагы жаштар арасында тарбия иштерин жүргүзүү, алардын социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүү, жаштардын ко­омдук жана жеке демилгесин колдоо, аларды жалпы коллективге керектүү мүчө болууга, демократиялык айкындуулуктун жактоочусу катары, уюштуруучулук, чыгармачылык ойлонуу ыктарын калыптандыруу­га, өз алдынча туура жыйынтык чыгарып, турмуш­тук кырдаалдарды анализдөө ыкмасына ээ болууга, инсанга аяр мамиле кылууга жана чындыкка болгон адеп-ахлактык, эстетикалык мамилесин өнүктүрүүгө тарбиялоо.

    Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү де­партаментинин курамы төмөндөгүлөрдөн турат:

    • Жаштар комитети;
    • факультеттердин декандарынын тарбия иштери боюнча орун басарлары;
    • Жаштык телестудиясы;
    • “Студ times” гезити жана “Универ KG” журналы;
    • Маданий- эстетикалык борбор;
    • студенттер үйү;
    • коомдук тамактануу жайлары;
    • Аялдар жана кыздар кеңештери.

    PDF форматындагы документтер

  • «ЖАШТЫК» телестудиясы


    Директор Туратбекуулу Асьад

    тел: 0779 400059

    эл.почтасы: pressaoshtu@mail.ru

    Ош технологиялык университетинин «Жаштык» телестудиясы Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы эң алгачкы түзүлүп, эфирге чыга баштаган телестудия. Ал 1996-жылы окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлүп, Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан массалык маалымат каражаты катары күбөлүк алган. Телестудия быйылкы жылы 22 жашка толду.

    “Жаштык” телестудиясы жалпы студенттердин жана жаштардын эстетикалык табитин жогорулатуу, кругозорун өстүрүү, алардын билим деңгээлин жана окуу жайда болуп жаткан иш-чараларды, ар жумалык жаңылыктарды коомчулукка ачык-айкын чагылдыруу максатында уюшулган. Университеттин   ийгилик-жетишкендиктерин, студенттердин социалдык турмушун, көйгөйлүү маселелерин жана окуу жайда болгон ар жумалык жаңылыктарды эфирде көрсөтүп, студенттердин маданий эс алуусуна көмөктөшкөн ар түрдүү кызыктуу телеберүүлөрдү даярдайт. Алдыңкы, мыкты окутуучулардын лекцияларын, практикалык, лабораториялык сабактарын эфирге даярдоо менен аларды студенттердин пайдалануусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Окуу жайда журналистикада, телевидениеде, жалпы эле массалык маалымат каражаттарында иш алып барууга кызыкдар студенттердин көпчүлүгү телестудия менен бирге иш алып барышат. Телестудияда кызыгуучулар үчүн монтажердук, оператордук жана диктордук үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Студенттер өздөрү кызыккан ар түрдүү, пайдалуу жана кызыктуу көрсөтүүлөрдү, роликтерди даярдашат.

    “Жаштык” телестудиясы ОшТВ, ЭлТР, 7-канал, Ынтымак ТВ, ЭлFM, Азаттык, Ош шамы, Ош жаңырыгы, Эркин тоо, Кут билим басылмалары, Akipress.kg, Kabar.kg, Aimaknews.kloop.kg, Barakelde.kg интернет сайттары менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт.

    Бүгүнкү күндө «Жаштык» телестудиясынын телеберүүлөрү “Ынтымак ТВ” жана “ОшТВ” телеканалынан ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү саат 22-30да эфирге чыгып келе жатат.

    “Студ times” гезити “Универ KG” гезити


    “Студ times” гезити 2003-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен массалык маалымат каражаты катары катоодон өткөн. 2003-жылы гезитти “Кыргыз жана орус тилдери” кафедрасынын ага окутуучусу Айнагүл Аматова жетектеген. 2003–2004-жылдары Куштарбек Кимсанов, 2004–2005-жылдары Нургазы Ташиев, 2005-2008-жылдары Атакул Жалиловдор жетектеп, ал эми 2009-жылдан баштап гезиттин башкы редактору катары Эркинбай Бакиров эмгектенүүдө.

    Алгач гезит Ош облустук басмаканасынан ак-кара түстө 4 бет болуп, 1000 даанада жарык көрсө, азыркы күндө Бишкектеги көз карадандысыз “ММКны колдоо борборунун” басмаканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 1500 даанадан 5000 даанага чейин түстүү, 8 бетте чыгарылууда. Ошондуктан “Студ times” гезити түштүк Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын эң популярдуу жана мазмундуу гезити болуп саналат.

    Бүгүнкү күндө «Студ times» гезитине ОшТУнун жаңылыктары, дүйнөлүк жана өлкө жаңылыктары, студенттердин, мугалимдердин илимий иштери, чыгармалары, макалалары, ырлары, ар тараптуу назик ойлору, купуя сезимдери, көйгөйлүү маселелери жана окуу жайдын илимий чөйрөсүндө болуп жаткан окуялар, ийгилик-жетишкендиктер, стратегиялык пландар жана кемчиликтер кеңири жарыяланат.

    Жаштык ТСнын кызматкерлери


     

     

     

     

    Кадырова Акшоола Акбаралиевна
    Редактор
    тел: 0773 676893


     

     

     

    Бакиров Эркинбай Ниматиллаевич
    Монтажер
    тел: 0771 870900
    oshtvtrk@gmail.com

     

     

     

     

     

    Салибай уулу Элмурат
    Оператор
    тел:0779 892969
    Ema007@inbox.ru

  • Маданий эстетикалык борбору


    Ош технологиялык университетинин Маданий-Эстетикалык борбору 1994-жылы оку жайдын окумуштуулар кенешинин чечими менен негизделген. Бүгүнкү күндө борбор заман талабына ылайык аппаратуралар менен жабдылып, чон Актылар залы, Жаштар борбору жана атайын ийримдер менен толукталган. Ош технологиялык университетинин маданий эстетикалык борбору таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүп, андан ары өрчүтүүгө көмөк көрсөтүү максатында атайын ийримдер түзүлүп, студенттердин сабактан кийинки убактыларында кызмат кылууда. Мындан тышкары окуу жай ичинде болгон ар кандай маданий иштерди уюштуруп, окутуучулардын жана студенттердин маданий эс алуусуна мыкты шарттарды түзүп келет. Борбордон тарбияланышкан студенттер шаардык, областтык жана республикалык кароо сынактардан, ШТК (КВН) таймаштарынан алдынкы орундарды багындырып келишүүдө. Мисалга: “Кыз-Жибек” бийчилер тобу жылдын мыкты бийчилер тобу, “Универсал” КВН командасы Республикалык “Тама-Шоу” лигасынын эки жолку чемпиондору болушту.

    Маданий эстетикалык борбордун негизги милдеттери:

    · студенттердин эстетикалык керектөөлөрүн ачып көрсөтүү жана эстетикалык ишмердүүлүккө кошуу;

    · музыка, хореография, драматургия ж.б. ийримдер боюнча практикалык сабактарды өтүү;

    · студенттердин жеке сапаттарын максималдуу түрдө өнүктүрүү максатында кызыгууларын эске алуу менен чыгармачылыгын калыптандыруу;

    · борбордун ишмердүүлүгүн жарыялоо;

    · студенттердин чыгармачылык жетишкендиктерин жарыялоо, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө таасир этүү, жана анын сапатын жакшыртуу;

    · студенттердин чыгармачылык жетишкендиктерин, ар түрдүү иш чараларды уюштуруу менен жарыялоо;

    · студенттер, деканаттар, кафедралар, окутуучулар менен биргеликте, студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу боюнча комплекстүү иш алып баруу;

    · МЭБтин материялдык техникалык базасын чыңдоо:

    Маданий эстетикалык борборунун курамы


     

    Сапарбай кызы Динара
    Кызматы: Маданий эстетикалык борборунун жетекчиси
    тел : (+996) 700 18 36 45 ;
    эл.почтасы:dinarka.db@gmail.com

     

     

     

     

     


     

     

     

     

    Осконбаев Чолпон
    Кызматы: Эстрада кружогунун жетекчиси
    тел: +(996) 773 85 52 20

     

     

     

     

    Мийзамова Гулбарчын
    Кызматы: фольклор кружогунун жетекчиси
    тел: +(996) 553 00 66 09

     

     

     

    Турдубаев Калыбек
    ШТК (КВН) : кружогунун жетекчиси
    тел:+(996) 776 10 10 88

     

     

     


  • Жаштар комитети


    Саитказиев Исабек
    тел: 0779 611 311
    Жаштар комитетинин төрөгасы

    Ош технологиялык университетинин Жаш­тар комитети студенттерден түзүлгөн негизги структуралардын бири. Комитетте төрага ме­нен ар бир факультеттеги студенттик сенаттар, студенттик Акыйкатчы, Кыздар кеңеши, КВН,  «Энактус» командасы, студенттердин дүйнөгө болгон көз карашын жогорулатуу максатында түзүлгөн бир топ ийримдер, дебаттык-дискус­сиялык клубдар иштейт. Комитет студенттерге укуктук, социалдык, маданий, материалдык жактан колдоо көрсөтүп, алардын арасында, жалпы эле университетте ар тараптуу дис­путтарды, конкурстарды, тегерек столдорду жана талкууларды, майрамдык кечелерди, су­луулар жана мырзалар, түгөйлөр, ШТК, куу­дулдар сынактарын декандардын тарбиялык иштер боюнча орун басарлары менен тыгыз байланышта уюштуруп турушат. Окуу жайда өткөн жылдары Жаштар борбору түзүлүп, ко­митеттин түрдүү иш-чаралары ушул борбордо өткөрүлөт. Жаштар комитети башка окуу жай­лардын, шаардык, облустук Жаштар комитет­тери менен да тыгыз байланышта кызматта­шат.


  • ОшТУнун студенттер үйү


    Жусубалиев Сардар
    Студенттер үйүнүн директору
    тел: 0773 070 259

    ОшТУнун студенттер үйү.

    ОшТУнун студенттер үйү 105-сериядагы атайын бардык шарттары менен 84-батирлүү 327-орунга ылайыкталып үй тибинде курулган. 1990-жылы пайдаланууга берилип, ОшТУнун карамагына өткөрүлгөн. Студенттер үйүндөгү 84 батирдин 14-батиринде мугалимдер жашайт. 1-батир ФТИП факультетинин тигүү цехине бөлүнгөн. 1-батир студенттик ашкан. Калган 68-батир студенттер үчүн ажыратылган. Студенттердин бир жылга жашоо үчүн төлөм акысы 6000 (алты миё) сомго белгиленген. Студенттердин көптүгүнө байланыштуу 350-370 ке чейин жайгаштырылат. 1-кабаттагы бөлмөлөр атайын жумшак жана катуу эмеректерди сактоо үчүн бөлүнгөн. Студенттерди социалдык жактан камсыздоо үчүн төмөндөгүдөй шарттар түзүлгөн.

    1. Эмкана жана оорулулар үчүн атайын бөлмө (изолятор).
    2. Балдар жана кыздар үчүн эки окуу бөлмөсү.
    3. Телевизор көрүүчү жай, орундуктары менен.
    4. Эс алуу бөлмөсү.
    5. Студенттик ашкан.
    6. Милиция бөлүмчөсү.

    Өрткө каршы коопсуздук боюнча атайын өрт өчүрүүчү шаймандар коюлган.

    Бардык ванналарда жуунучу электр аристондор, бардык ашканалдарда ашкана эмеректери жана тамак жасоочу электро плиталары коюлган. Жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалган.(стол, стул, кроват)

    Студенттер үйү толугу менен борбордук жылуулук түйүнүнө уланган. Студенттер үйүндө студенттердин эс алууларын көёүлдүү өткөрүүгө, окууга болгон кызыгуусун артыруу үчүн, падьездер аралык тамашоу, диспуттар, кош жылдыз, тегерек үстөл сыяктуу ар кандай оюн -зоок маданий иш чаралар өткөрүлөт.

    Студенттер үйүндө коопсуздукту болтурбоо максатында күзөтчүлөргө жардам катарында түнкү мезгилде студенттердин демилгеси менен күзөт бөлүгү түзүлгөн.Студенттер үйүндө жалпысанан 15 кызматкер эмгектенет.

    • студентер үйүнүн директору-1,
    • астелянша -1,
    • паспортчу -1,
    • күзөтчүлөр-4,
    • тазалоочулар-4,
    •  короо шыпыруучу-1,
    •  электрик -1,
    •  сантехник -1,
    •  жыгач уста-1,
    •  медайым-1,
    •  ашпозчу-1.

     


Leave A Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *