Карьера борборунун аткарган иш- чаралары тууралуу

    Ош технологиялык университетинин «Карьера борбору» Окумуштуулар кеңешинин чечими менен 2004-жылы негизделген.

    Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги максаты - бүтүрүүчү студенттер менен ишканалардын, иш берүүчүлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо жана жумушка жайгашуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү болуп саналат.

    1. Ош технологиялык университетинин «Карьера борбору»   “EdNet” билим берүү Ассоцациясы тарабынан уюштурулган Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар аралык республикалык “Эң мыкты Карьера борбору-2012” конкурсунда региондор аралык    1-орунга татыктуу болгон.
    2. 2012-жылдан тарта окуу жайда традициялуу түрдө “Дипломду салтанаттуу тапшыруу” аземи уюштурулуп келет. Аземге окуу жайды аяктаган алдыңкы жетекчи бүтүрүүчүлөр чакырылып, иш тажрыйбалары менен бөлүшөт. Окуу жай тарабынан алдыңкы бүтүрүүчүлөргө кызыл лента жана “ОшТУнун бүтүрүүчүсү” деген төш белги тагылат.
    3. 2013-жылы “Борбор Азия ЖОЖдорунда бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу боюнча карьералык борборлордун ишин жандандыруу” деген аталыштагы 544126-TEMPUS-1-2013-1-ES-TEMPUS-JPHES-UNIWORK долбоорун утуп алган. Долбоордун максаты: 12 өнөктөш ЖОЖ (Казахстан, Өзбекстан, Түркменстан, Тажикстан, Испания, Австрия, Улуу Британия) тандалып алынып, Борбордук Азиядагы социалдык экономикалык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн өндүрүштүк ишканалар менен окуу жайдын ортосундагы байланышты бекемдөө, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жол ачуу болуп эсептелет. Проекттин алкагында жумушчу топ түзүлүп, иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчү курстун студенттери менен биргеликте жумушчу отурумдар өткөрүлүүдө. “Бүтүрүүчүлөр тармагын кантип түзүү керек”, “Бүтүрүүчүлөргө арналган сайтты кантип түзүү керек”, “Окуу жай менен бүтүрүүчүнүн кызматташтыгы” ж.б. семинарларга катыштык.   Өнөктөш окуу жайлар: Бишкек финансылык экономикалык академиясы, Талас мамлекеттик университети менен биргеликте 2015-жылдын 25-26- сентябрь күндөрү   жумуш берүүчүлөр, мамлекеттик органдар менен биргеликте Бишкек шаарында “Учурдагы бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жана интеллектуалдык карьерасын өнүктүрүү” деген темада 1-Улуттук форум уюштурууга катыштык. Проекттин негизинде атайын класс ачылып, тиешелүү компьютердик техникалар, сервер орнотулду жана   http://career-oshtu.kg/ аттуу бүтүрүүчүлөргө арналган сайт ачылды. Карьера Борборунун аткарып жаткан иштери менен Ош Технологиялык университетинде иш сапары болгон учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков, Жогорку Кеңештеги биздин бүтүрүүчү депутат А.М. Нурбаев ж.б. таанышып кетишти. Карьера борборунун жетекчиси Нургазы Ташиев Улуу Британиянын Шеффилд университетин Карьера борборунда стажировкадан өтүп келди.
    4. Карьера борбору жана бүтүрүүчү кафедралар менен биргеликте адистерди максаттуу (гранттык орундарга) түрдө даярдоо максатында мекеме-ишканалар менен келишимдер түзүлүп, кабыл алуу комиссиясы келишимдердин негизинде иш чараларды түзүү менен абитуриенттерди кабыл алууга даярдыктар жүргүзүлөт.
    5. “Сабат” окуу борбору менен биргеликте бүтүрүүчү курстун студенттери үчүн “Резюмени кантип даярдоо керек”, “Жумуш берүүчү менен жолугушууга кантип даярдануу керек” деген темаларда атайын окуу курстары уюштурулуп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылат. .
    6. Карьера борбору коомдо орду бар, мамлекеттик жана жетекчилик кызматта эмгектенген алдыңкы бүтүрүүчүлөр тууралуу 2014-жылы Ош технологиялык университетинин 50 жылдык мааракесине карата “Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрү” деген китеп чыгарган. УДК 378, ББК 74.58, Т-25, 6,5 басма табак.
    7. 2014-жылы Казахстан Республикасынын Назарбаев университетинде уюштурулган бүтүрүүчүлөргө арналган Эл аралык форумга катыштык.
    8. 2016-жылдын 31-мартында Ош технологиялык университетинин базасында “Бош орундар жарманкеси - 2016” иш-чарасы өткөрүлдү. Жарманке Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана "UNIWORK" Эл аралык долбоорунун колдоосунда өтүп, 5000 ге жакын ваканттык орундар сунушталып,   2000 миңден ашуун бүтүрүүчү жана 60 тан ашуун мекеме ишкана катышты. Иш чара Билим берүү жана илим Министрлигинин edu.gov.kg сайтында жайгашып, бардык бүтүрүүчүлөр маалымат алууга шарт түзүлдү. Маалыматтар www.oshtu/kg, www.akipress.kg , ж.б. массалык маалымат каражаттарына жарыяланды.
    9. Окуу жайдын алдыңкы бүтүрүүчүлөрү Жаштар комитети менен биргеликте Жогорку Кеңеште, министрликтерде, дипломатиялык мекемелерде, КР Өкмөтүнүн өкүлчүлүктөрүндө, мэрияларда, алдыңкы мекеме-ишканаларда уюштурулган семинар жолугушууларга катышып келишет.
    10. Бүгүнкү күндө Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдувахап Нурбаев, Ош шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ажымурат Жолдошев, ДЭП-21 унаа жолдорун башкаруу башкармалыгынын башчысы Турдукулов Ади ОшТУнун Камкорчулар Кеңешинин мүчөлөрү катары окуу жайда аткарылып жаткан бардык жараяндарга активдүү катышат. Азыркы убакта окуу жайдын “Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы” нын ишин кайрадан жандандыруу боюнча аракеттер жүргүзүлүүдө.
    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.