Ош технологиялык университетинде бүтүрүүчүлөргө арналган “Бүтүрүүчү-2014” салтанаттуу диплом тапшыруу аземи өткөрүлдү. Аталган иш-чараны ОшТУнун окуу департаменти, Карьера борбору бүтүрүүчү кафедралар менен биргеликте уюштуруп, окууну артыкчылык диплом менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө кызыл диплом менеен өзгөчө кооздоолгон төш белгисин окуу жайдын ректору, профессор А.О.Абидов өз колу менен тапшырып, бүтүрүүчүлөргө алдыдагы турмуш сапарларына ийгиликтерди каалады. Кечеге ОшТУну аяктап, ири ишканаларда эмгектенген бүтүрүүчүлөр да чакырылган.   Келген коноктор   өз каалоо тилектери менен куттуктоо сөздөрүн айтышып, бүтүрүүчүлөргө мындан ары алган билимимдери менен мамлектебиздин өнүгүп-өсүүсүнө салымдарын кошушуп, 21-кылым - билимдүү жаштардын колунда  экенин баса белгилеп өтүштү.Жалпысынан   300 жакын студентке жогорку билимин тастыктаган дипломдор берилсе, 42 студент артыкчылык менен (кызыл диплом) аякташкан.. Кеченин экинчи бөлүгүн бүтүрүүчүлөргө арналган концерттик программа  улады. Жыйынтыгында окуу жайдын башкы имаратында бүтүрүүчүлөр менен окуу жайдын жетекчилиги, декандар жана окутуучулар менен фото сессия уюштурулду.Белгилей кетсек, бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи Түштүк Кыргызстандагы ЖОЖдордун  жана атайын орто окуу жайларында Ош технологиялык университети быйыл экинчи жылы кайрадан жандандырып уюштурду. Кеченин максаты бүтүрүүчүлөр менен окуу жайынын байланышын күчөтүү жана “Бүтүрүүчүлөр Ассоцасиясынын ” ишин жандандырууга багытталган.  ОшТУнун Карьера борборун Нургазы Ташиев жетектейт.

Бүгүн, Академик Муса Адышев атындагы Ош Технологиялык Университетинде “Кыргыз Казак байланыштары” аттуу тегерек стол болуп өттү. Аталган иш чараны окуу жайдын Экономика жана Башкаруу факультетинин Мамлекеттик башкаруу жана Эл аралык мамилелер кафедрасы уюштурган. Тегерек столго конок катары Казакстан Республикасынын Оштогу консулу Маделханов Мухан Аймаканбетулы, окутуучулар жана студенттер катышышты. Иш чаранын негизги максаты Эл аралык мамилелер адистигинде окуп билим алышкан студенттер менен консулдарды жолуктуруп, студенттердин окууга болгон кызыгуусун жандандыруу болуп саналат. Маделханов Мухан Аймаканбетулы Кыргыз Казак байланыштыры тууралуу маалыматтарды кенири берип, студенттердин актуалдуу суроолоруна жооп берди.

 

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинде студенттердин Эл-аралык майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык салтанатты окуу жайдын Жаштар комитети уюштуруп, буга окуу жайдын жетекчилиги, студенттер жана окутуучулар катышты. Майрамдык салтанаттын ачылышында ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов студенттерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап,
окуу жайда окуудагы жана коомдук иштердеги активдүү студенттерге Ардак грамоталар менен сыйлады. Андан сон катышуучуларга окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан уюштурулган «Кыз-Жигит» сармердени студенттерге майрамдык белек катары тартууланды. «Кыз-Жигит» сармердени көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, студенттер болгон таланттарын тартуулашып, көрүүчүлөрдүн көнүлүн көтөрүштү. Жыйынтыгында сармерденде айымдар командасы командасы женишке жетишип, баалуу белектер, дипломдор менен сыйланышты. Эске салсак ушундай эле “Кыз-Жигит” сармердени Бүткүл дүйнөлүк Эне тил майрамында уюштурулуп, анда мырзалар командасы женишке жетишкен болчу.

Ош технологиялык университетинин “Универсал” командасы Бишкек шаарындагы Кожомкул Кааба уулу атындагы спорт ордосунда өткөрүлгөн Республикалык “Тама-Шоу” лигасынын 7-сезонун кышкы фестивалына катышып келишти . Аталган КВН 13-14-декабрь күндөрү болуп, жалпысынан өлкө боюнча 40 жакын командалар катышкан. Жыйынтыгында, ОшТУнун “Универсал” командасы биринчи орунду камсыз кылышып, жарым чейрек оюнуна жолдомо алышты.
Команданын капитаны Калыбек Турдубаевдин айтымында оюн өтө кызуу жүрүп, команданын даярдагы күчтүү болгонун белгиледи. Бүгүн эрте менен саат 11:00 дө окуу жайдын башкы корпусунун алдында окуу жайдын жетекчилиги, окуутуучулар жана студенттер менен биргеликте “Универсал” командасынын жалпы курамын салтанаттуу тосуп алысты. ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов команданын жетишкен ийгилиги менен куттукоо сөзүн айтып, команданын мүчөлөрүнө ак калпак кийгизди. Андан сон КВН команда жетекчиликке жана студенттерге терен ыраазычылык билдирип, Тамашоу лигасында көргөзүшкөн оюндарын көрүүчүлөргө тартуулашты. Аталган команданынын Бишкек шаарына барып келген каражаттарын Ош технологиялык университетинин жетекчилиги өзүнө алып, аларга ар тараптан колдоо көргөзүп келет. Эске салсак Тамашоу лигасынын 6-сезонунун чемпиондору “No name” КВН командасы Ош технологиялык университетинен чыгышкан болчу.

Яндекс.Метрика
Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
Как создать личный сайт.