Бүгүн Ош технологиялык университетинде 2016-жыл “Тарых жана маданият” жылына карата “Илим жана студент-2016” аймактык илимий –практикалык конференция болуп жатат. Илимий конференцияны окуу жайдын Илим бөлүмү уюштурган. Бүгүн саат 11:00 дө конференциянын ачылыш аземи болуп, илимий баяндамалар окулду. Мындан тышкары ОшТУнун Технологиялык колледжинин студенттери “Улут сыймыгы” деген темада улуттук кийимдердин көргөзмөсүн тартуулады.
Аймактык илимий конференцияга 44 багыт менен жалпысынан 707 илимий баяндамалар  каралмакчы. Анын ичинен 71 илимий баяндама Ош шаарындагы башка окуу жайлардын студенттеринен катталган.
Илимий конференция 8-апрель күнү өз ишин жыйынтыктап, мыкты деген илимий баяндамаларга баалуу белектер жана дипломдор тапшырылмакчы.

Рамис Ыдырысов 0777 14 41 24

Ош технологиялык университети Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы менен биргеликте  Ош технологиялык университетинин базасында  «UNIWORK» эл аралык долбоорунун колдоосунда “Бош орундар жарманкеси - 2016” жарманкесин өткөрүлдү. Бул иш чарага алдыңкы компаниялары, бизнес түзүмдөр, эл аралык уюмдар жогорку жана орто окуу жайлар, кесиптик техникалык лицейлер, шаарыбыздын мекеме ишканалардын жетекчилери катышышты.Жарманкеде 4000 ден ашуун бош орундар сунушталган.
Бул жарманкени өткөрүүнүн бирден бир мамксаты – жумуш берүүчүлөргө адис маселесинде, жумуш изденүүчүлөрдү кесипке багыттоодо чоң салымы бар мекеме ишканалардын жана жумуш изденүүчүлөрдүн ортосундагы байланышты күчөтүү.
Жарманкеге Жалал-Абад, баткен облустундагы алдынкы компаниялар,  жеке ишкерлер да катышып, бош орундарын алып келишкен.
Жалпысынан жарманкеге үч  минге жакын иш издөөчүлөр катышып, иш берүүчүлөргө резюмелерин тапшырышты.
Мындан тышкары иш берүүчү 60 жакын компаниялар менен Ош технологиялык университетинин жетекчилиги атайын жолугушуу уюштуруп, келишимдерди түзүштү.  Мындан ары бүтүрүүчү студенттер ошол компанияларга жумушка орношууга мүнкүнчүлүктөр түзүлдү.
Иш чаранын алкагында окуу жайдын Карьера борборунун ачылыш аземи да болду. Эми  аталган борбор студенттер менен тыгыш иш алып барып, бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштырууга көмөктөшөт.
Жыйнтыгында иш берүүчүлөргө жумуш издөөчүлөр тарабынан төрт минден ашуун резюмелер тапшырылды.

РАМИС  ЫДЫРЫСОВ 0777 14 41 24

Бүгүн Ош технологиялык университетинде Кыргыз Рес публикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгын кызматкерлери окутуучуларга жана студентерге өзгөчө кырдаалдардан коргонуу туралуу жолугушуу уюштурушту.

Бүгүн Ош технологиялык университетинде 5-курстун студенттери үчүн Резюмени туура  толтуруу жана жумуш берүүчү менен мамиле түзүү туралуу семинар болуп жатат. Аталган семинарды окуу жайдын Карьера борбору ЮНИВОРК эл аралык программасынын алкагында уюштуруп, 5-курсту аяктоонун алдында турган студенттер катышууда.

Кечээ, Ош технологиялык университетинде Академик Бектемир Мурзубраимовдун 75 жылдык маарекесине карата “Бектемир Мурзубраимов чыгаан окумуштуу, мамлекеттик ишмер жана жаратман жетекчи” деп аталган тегерек стол болуп өттү.

Бүгүн Ош технологиялык университетинде Сежон хакдан окуу борбоунун окуу залы ачылды. Аталган окуу залды окуу жайдын Карей тил борбору тарабынан ачылган. Окуу залдын негизги өзгөчөлүгү бир эле окуу залда окуу шаймандары менен кошо  бий үйрөнүүгө,

Бүгүн Ош технологиялык университетинде Бий уулу Алымбек датканын 215 жылдыгына жана Академик Муса Адышовдун 100 жылдыгына карата “ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ЖАНА МИНЕРАЛДЫК-СЫРЬЕЛУК РЕСУРСТАРДЫ КОМПЛЕКСТҮҮ ӨЗДӨШТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР” аталышындагы илимий эл-аралык конференция болуп өттү.

Кечээ, Ош технологиялык университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин Женил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын студенттери Ош облустунун Ноокат районуна өздөрүнүн эмгектерин тартуулап келишти.

Бүгүн Ош технологиялык университетинде илим чөйрөсүнө жана долбоор жазууга кызыккандар үчүн семинар-тренинг болуп жатат. Аталган семинар 2014-жылдын 31-октябрына чейин уланып, ага  Ош шаарындагы Жогорку жана атайын окуу жайлардын окмуштуулары, окутуучуулары, аспираттар, магистранттар жана студенттери катышууда.

Бул иш-чараны CRDF Global фондусунун каржылоосу менен Ош технологиялык университети уюштурган. Семинарда   катышуучуларга атайын адистер тренинг өтүшүп, негизинен грант жарыяланган эл аралык конкурстарга, фонддорго жана программаларга долбоор даярдоонун жол жобосу жана усулдары, Эл-аралык илимий журналдарга жана рецензияланчуу мезгилдик басылмаларга макала даярдоонун усулдары тууралуу окутуп үйрөтүшмөкчү. Үч күнгө созулган семинар   акысыз уштурулуп, жыйынтыгында жигердүүлүк менен активдүү катышып, тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүшкөн катышуучуларга атайын сертификаттар берилмекчи.

2014-жылдын 2-октябрь күнү академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин 50 жылдык маарекесин белгиленди.  Иш чара эрте менен саат 10:00 дө башталып, биринчи кезекте окуу жайдын спорттук аянтчанын ачылышы болуп, ага чакырылган коноктор катышышты. Андан сон салтанаттуу жыйындын ачылышы болуп,, ОшТУнун ректору, проф.  Абдыкадыр Абидов куттуктоо сөзүн айтты.

Маарекеде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин депутаттары: Султанов Акылбек, Алимбеков Нурбек, Никитенко  Наталья   Осмонов Малик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусту боюнча ыйгарым укутуу өкүлү Жээнбеков Шоорнбай Шарипович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек Айылчыевич, Кыргызстан профсоюздар комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Депутаттардын Ош шаардык кенешинин төрагасы Улан Примов, Кыргызтанда жайгашкан жогорку жана атайын окуу жайлардын жетекчилери, Кыргызстандагы чет элдик консулдун өкүлдөрү, Ош шаарындагы жана Ош облустундагы  мекеме ишканалардын жетекчилери жана окуу жайды бүтүрүп, бүгүнкү күндө өндүрүштүн түрдүү тармактарында эмгектенген жетекчи бүтүрүүчүлөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты.  Салтанатту кеченин жүрүшүндө окуу жайга эмгеги синген окмуштууларга, кызматкерлерге жана 50 жыл ичинде жетектеген ректорлорго “ОшТУнун төш белгиси” менен окуу жайдын ректору проф. Абдыкадыр Абидов сыйлады.

    Кеченин экинчи бөлүгү Ош шаарындагы Магнат ресторанында майрамдык сый тамак менен уланып, келген конокторго сый көрсөтүлдү. Окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программма уюштурулуп, меймандарга тартууланып, майрамдык маанай тартууланды.

    Ал эми кечкисин ОшТУнун студенттери үчүн атайын кенейтилген бий кече окуу жайдын алдында уюштурулуп, окууда жана коомдук иштердеги алдынкы студенттер ректордук буйругунун негизинде Ардак баракчалар менен сыйланышты.

    Ал эми 3-октябрь күнү     “Инженердик техниканын жана технологиялардын өнүгүүбагыттары, учурдагы абалы” деп аталаган Эл аралык илимий техникалык конференциянын отуруму  болуп өттү.    Аталаган конференцияга  142 доклад түшүп, 7 секция боюнча  иш алып барышты.

   50 жылдык маарекенин урматына окуу жай тууралуу журнал кыргыз, орус жана англис тилдеринде “Сыймыктуу бүтүрүүчүлөр”, “ОшТУнун окмуштуулары”, “ОшТУнун тарыхы”, “Известия” илимий журналдары   жарыкка чыгарылып келген конокторго берилди.

    Кошумчалай кетсек, Ош технологиялык университети 1963-жылы Фрунзе политехникалык институтунун жалпы техникалык институтунун  жалпы техникалык инстутунун  жалпы техникалык базасында атайын бир бөлүм болуп ачылуу менен башталган. Андан сон, атайын факультет, кечки факультет, Ош технологиялык колледжи болуп, 1996-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын презитентинин Указы менен Ош технологиялык университети болуп түзүлгөн. 2004-жылы окуу жайга улуу окумуштуу академик Муса Мырзапаязович Адышевдин аты ыйгарылган. 

     Бүгүнкү күндө ОшТУда 8 факультет, 3 институт, 3 колледже 10 000 ашуун студент билим алышууда.

Яндекс.Метрика
Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
Как создать личный сайт.