Бүгүн, Оштехнологиялык университетинде 23-февраль мекен коргоочулар күнү белгиленди. Аталган иш-чараны окуу жайдын технология жана аратылышты пайдаланууфакультети менен социалдык өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча департаменти өткөрүштү. Алгач окуу жайдын ректору, профессор Абдыкадыр Абидов жалпы мекен коргоочуларды майрамы менен куттуктап, окуу жайда мыкты иштеген мырзаларды мактоо баракчаларын жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Иш-чара концерттик программа менен уланды.

 ПРЕССКАТЧЫ:           ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД   0559 4000 59

ОшТУда 21-февраль эне тил күнү өзгөчө белгиленди. Иш-чара ОшТУнун орус тили кафедрасы тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты элди ынтымакка, достукка жана улуттар аралык биримдикке чакыруу. Студенттер ар улуттун тилинде сахналык көрүнүштөрдү аткарып, майрамдык салтанат шаңдуу маанайда өттү.

 ПРЕСС КАТЧЫ ТУРАТБЕК уулу АСЬАД 0559 400059

Кечээ, 2017-жылдын 17-февраль күнү Ош технологиялык университетинде "Наркотикалык заттар" деген темада кеңейтилген жыйын өттү. Иш-чара ОшТУнун тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти тарабынан уюштурулуп, жыйынга Ош шаарынын МВД кызматкерлери келишти. Студенттерге наркотикалык заттар тууралуу кеңири маалыматтар берилип,  атайын видеороликтер көргөзүлдү.


ПРЕСС КАТЧЫ ТУРАТБЕК уулу АСЬАД  0559 4000 59

ОшТУнун энергетика факультетинин бүтүрүүчүсү Асилбек уулу Бекназар Түштүк Кореянын Кванджу шаарынын CHONNAM улуттук университетинин политология жана эл аралык мамилелер адистигинде бюджеттик негизде магистратурада 700$ стипендия алып окуйт. Бекназар окуп гана тим болбостон Кванджу шаарындагы чет өлкөлүк жумушчуларды колдоо борборунда котормочу жана консультант катары айына1400$ эмгек акы алып иштейт

Бүгүн ОшТУда  жаш акын Бекмурат Келдибаевдин “Ордолуу Ош калаасы сүйкүм жандай, он сегиз жашта мени ашык кылган” деген аталыштагы поэзия кечеси өттү.
Поэзия кечеси башка кечелерден ар бир окулган ырга көрк берип, мүнөзүн, автордун айтайын деген оюн ачып бергени менен айырмаланды. Белгилей кетсек жаш акын Бекмурат Келдибаев ОшТУнун кибернетика жана маалмат технологиялар факультетин бүтүргөн.

ОшТУнун окутуучулары жана студенттери менен кенейтилген жыйын өткөрүп, АКШ мамлектинин билим берүү системасынын артыкчылыктары тууралуу кенири маалыматтарды берди. Иш сапарынын негизги максаты АКШда илимий изилдөө же сабак берүү аркылуу кесиптик деңгээлин оркүндөткүсү келген кыргызстандык илимпоздор Фулбайттын улук изилдөөчү программасына тапшыра алат, ошондой эле англис тилин жакшы билген талапкерлер программага тапшыра алат жана АКШ университетинде эки жылга чейин окуп, магистрдик илимий даражасына ээ боло алат дейт АКШ элчилигинин билим берүү боюнча координатору Гүлзат Кочорова.
Ошондой эле жогорку окуу жайында англис тили мугалими адистигинин акыркы курстун студенттери тапшыра алат.

ПРЕСС КАТЧЫ ТУРАТБЕК уулу АСЬАД 0559 400059

 

Давран Маматалиев 1994-1999-жылдары Ош технологиялык университетинин каржы-экономика факультети, бухгалтердик эсеп жана аудит адистигинин бүтүрүүчүсү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Райондук мамлекеттик администрациясы маалымдагандай, кечээ, 14-февралда жаңы аким алгачкы жыйынын уюштурду.

Д.Маматалиев 1977-жылы төрөлгөн.

ПРЕССКАТЧЫ АСЪАД ТУРАТБЕК УУЛУ 0559 4000 59

ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов жыл сайын бул күндө ОшТУда эмгектенген Ооган согушунун ардагерлерин эртелеп куттуктайт. Бүгүн да ректор өз сөзүндө, бул коркунучтуу согуш болгондугун, көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн кайгы алып келдигин баса белгилеп, арабызда ушундай патриот инсандар коп болушун каалап, Ооган согушунун ардагерлерин куттуктап, акчалай белек берди.

ПРЕСС КАТЧЫ ТУРАТБЕК уулу АСЬАД 0559 400059

Бүгүн, Ош технологиялык университетине Корея мамилекетинин JEJU жана CHEJU мамилекттик университеттерин окутуучулук курамы келди. Алар ОшТУнун окутуучулары, студенттери жана ата-энелер менен кенейтилген жыйын өткөрүп, Корея мамлектинин билим берүү системасынын артыкчылыктары тууралуу кенири маалыматтарды берди. Иш сапарынын негизги максаты ОшТУ менен JEJU жана CHEJU университеттеринин тажрыйба алмашуу жана студенттерди экзамендик негизде кабыл алышып, ошол университетте билимин өркүндөтүүсүнө шарт түзөт. Жыйындын жүрүшүндө студенттерге JEJU жана CHEJU университеттери тууралуу видеоролик көргөзүлдү.
Эми мындан ары Ош технологиялык университети Корея мамилекетинин JEJU жана CHEJU университеттери менен тажрыйба алуу максатында кызматташышмакчы

.


ПРЕСС КАТЧЫ ТУРАТБЕК уулу АСЬАД 0559 400059

Бүтүрүүчү-2016 салтанаттуу диплом тапшыруу аземин жана Бош орундар жарманкесин ийгиликтүү өткөрүп алдык. Иш чарага сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүз: Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Туратович Ормонов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Сүйүнбаевич Кадыров, Ош-Электро ААК директорлор Кеңешинин төрагасы Асылбек Авазбекович Артыков жана Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармылыгынын өкүлчүлүгү, бүтүрүүчүлөр, ММК өкүлдөрү катышып беришти. Бардык колдоп берген тараптарга терең ыраазычылык билдиребиз! ОшТУнун Карьера борбору

Яндекс.Метрика
Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
Как создать личный сайт.