2017-жыл Ыйман, Адеп жана Маданият жылына карата бүгүн, 14-мартта белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев ОшТУга келип, студенттер менен жолугушууу өткөрдү. Жолугушууда Аалы Туткучев студенттерди адеп-ахлакка чакырып, бүгүнкү күндөгү жаштар, алардын жүрүм турумдары, ата-эне тууралуу сөз кылып, жаштарды мекенчилдикке чакырды. Иш-чара ОшТУнун карьера борбору, "Ыйык Ата-Журт" коомдук фонду, соцалдык өнүктүрүү жана тарбиялык иштер боюнча департаменти тарабынан уюштурулуп, негизги максаты жаштарды туура жолго үндөө болуп эсептелет.

Иш-чараны толугу менен төмөнкү шилтемеден көрүңүз: https://www.youtube.com/channel/UCEKDijh0MmL1vUSYA4CM0Tw

ПРЕССКАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД 0559 4000 59

Бүгүн, 14-мартта Ош технологиялык университетинин "Универсал" КВН командасынын жеке концерти жана ОшТУнун ачык эшик күнү болду. Иш-чара Кара-Кулжа райондук борбордук маданият үйүндө өттү. Концертти ОшТУнун "Кыз-жибек" бий тобу, ырчы Чолпон Өскөнбаев коштоп, "Универсал" командасы окуучулар күтпөгөндөй маанай тартуулап, залды күлкүгө бөлөдү. Иш-чарага жалпысынан 500гө жакын окуучулар т.а. 9-11-класстын окуучулары, мугалимдер жана ата энелер келишти. Ошондой эле ОшТУнун окутуучулар жааматы бүтүрүүчү окуучуларга кесипке багыттоо ишин жүргүзүп, ОшТУдагы технологиялык багыттагы адистиктер тууралуу кеңири маалыматтарды берди. Бул тууралуу ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Муктар Алдашев билдирди.

Универсал командасынын жеке концертин толугу менен төмөнкү шилтемеден көрүңүз: https://www.youtube.com/channel/UCEKDijh0MmL1vUSYA4CM0Tw

ПРЕССКАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД 0559 4000 59

8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Ош шаардык мэриясынын Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан өткөрүлгөн жогорку жана орто окуу жайлар аралык баскетбол боюнча турнирде Ош технологиялык университетинин айымдарынан куралган командасы I-орунду багындырышты. Ошондой эле волейбол боюнча мелдеште айымдардан куралган команда III орунду ээлешкен.

Ийгилик жараткан командалардын курамын жана машыктыруучуларын ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов куттуктап, ОшТУнун жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдирди.

 

ПРЕССКАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД 0559 4000 59

"Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар. Аялзаты – бул биринчиден Эне! Жаз майрамы алдында Энелерибизге, бизге жашоо тартуулагандыгы, төккөн мээрими үчүн башыбызды ийебиз. Энелердин сабырдуулугуна, камкордугуна жана балага болгон чексиз сүйүүсүнө ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, сиздерге, чексиз бакыт, үй-бүлөлүк бейпилдик жана чын ден-соолук, узак өмүр тилейм"- дейт ректор өз сөзүндө.

ПРЕССКАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД 0559 4000 59

5-мартта Ак калпак күнүнө карата Бишкектеги "Сейтек" борборунда "Тамашоу" долбоорунун 9-сезонунун Ак калпак кубогу болуп өттү. Анда "Универсал", "Бугу", "312" командалары күч сынашышты. 2016-жылдын 10-сентябрында SUPER.KG порталынын кубогунда "Универсал" командасынын капитаны Калыбек Турдубаев "Мыкты оюнчу" аталып, Бали аралына жолдомо утуп алган эле. Калыстардын чечими менен "Тамашоу" Лигасынын Ак калпак кубогун "Универсал" командасы багынтты. Белгилей кетсек "Универсал" командасы былтыркы жылдын Ак калпак кубогун да утуп алышкан.

 

Бүгүн, Ош технологиялык университетинде 8-март айымдардын майрамына карата “ОшТУ мырзасы” жигиттер сынагы болду. Бул сынакка 8 жигит күч сынашты. Аталган иш чараны жаштар комитети уюштуруп, негизги максаты жаштарды коомдук иштерге аралаштыруу, студенттердин достук мамилесин чыңдоо жана маданий эс алуусун уюштуруу болуп эсептелет.

Жыйынтыгында биринчи орунду   жаратылышты пайдалануу факультетинин мырзасы Сатимкулов Дүйнөбай ээлеп, “ОшТУ Мырзасы” аталса, экинчи орунду архитектура жана курулуш факультетинин мырзасы Токтосунов Актилек,   ал эми үчүнчү орунду энергетика факультетинин мырзасы Омутов Өмүрбек ээледи.

Жеңүүчүлөр окуу жайдын жетекчилиги тарабынан баалуу белектер менен сыйланып, 1-2-3-орунду ээлеген жеңүүчүлөр Ыссык-Көлгө жайкы эс алууга барышат.

Иш-чараны толугу менен төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар: https://www.youtube.com/channel/UCEKDijh0MmL1vUSYA4CM0Tw

ПРЕСС КАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД 0559 4000 59

Бүгүн, Ош технологиялык университетинде 8-март айымдардын майрамына карата “Супер Апа” айымдар сынагы болду. Бул сынакка 25 жаштан 60 жашка чейинки ОшТУнун 9 мугалими катышты. Конкурстун шартына ылайык катышуучулар, аялзатынын аруулугуна тиешелүү болгон саламдашуу, стилдүү айым, интелектуал жана талантту айым, кырдаалдан чыгуучу суроолор, камкор эне аталышындагы конкурстар менен айымдар тандалышты. Аталган иш чараны Социалдык өнүктүрүү жана тарбиялык иштер боюнча департаменти уюштуруп, негизги максаты мугалимдерди билим берүү менен гана чектелбестен коомдук иштерге аралаштыруу жана мугалимдердин маданий эс алуусун уюштуруу болуп эсептелет.

Жыйынтыгында биринчи орунду   технологиялык колледждин мугалими Тажибаева Гүлзар ээлеп, “Супер Апа” аталса,         экинчи орунду Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин окутуучусу Кудайбердиева Арзыкан ,   үчүнчү орунду Табийгый техникалык факультетинин окутуучусу Маматкасымова Алийма жана Жаратылышты пайдалануу факультетинин окутуучусу Тешебаева Майрам эжекелер бөлүп алышты.

Жеңүүчүлөр окуу жайдын жетекчилиги тарабынан баалуу белектер жана 1-орун 15 000сом, 2-орун 10 000 сом, 3-орун 5000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чараны толугу менен төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар: https://www.youtube.com/channel/UCEKDijh0MmL1vUSYA4CM0Tw

ПРЕСС КАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД 0559 4000 59

КРнын жогорку кеңеши тарабынан 5-март Ак калпак күнү деп белгиленген. Бул күндүн урматына ОшТУнун жалпы жамааты Ак калпак майрамын белгилешти. Технологиялык колледждин студенттери баштарына ак калпактарды кийип алышып, жөө жүрүшкө чыгышты. Ошондой эле ак калпакка арналган концерттик программа тартууланып, окуу жайдын студенттерин ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов куттуктады. Бул иш-чаранын максаты кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпакты даңазалап, аны ар дайым барктап баалоо болуп эсептелет.

Иш-чаранын видеосу төмөнкү шилтемеде: https://www.youtube.com/watch?v=FIPoEnDHTi4

ПРЕССКАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД   0559 4000 59

ОшТУда салтка айланган студенттер арасындагы Спартакиада жыйынтыкталды. Бул тууларлуу дене тарбия кафедрасынын башчысы Бакыт Кулуев билдирди.

1-орунду Архитектура жана Курулуш факультети

2-орунду Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети

3-орунду Автоунаа факультети алышты

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чаранын негизги максаты студент жаштардын достук мамилесин чыңдоо.

 

ПРЕСС КАТЧЫ ТУРАТБЕК уулу АСЬАД 0559 400059

Бүгүн ОшТУ үчүн чоң майрам! 24-февраль ОшТУнун туулган күнү. Эрте менен окуу жайдын баардык студенттери жана жалпы мугалимдери катышкан чоң салтанат өттү. Алгач гимн жаңырып, КРнын, Ош шаарынын жана ОшТУнун желеги көтөрүлдү. Университеттин ректору, профессор Абдыкадыр Абидов окуу жайдын жалпы эмгек жамаатын, студенттерин бүгүнкү ОшТУнун туулган күнү менен куттуктап, Ош технологиялык университети мындан ары өсүп-өнүгүшүн жана мыкты адистерди даярдай бермекчи экендигин баса белгиледи.

 

Яндекс.Метрика
Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
Как создать личный сайт.