5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин куну. Ош технологиялык университетинде мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанат уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын бир топ мугалимдери ар кандай сыйлыктар жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Салтанат энергетика факультети тарабынан уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду.

Пресскатчы:                   Туратбек уулуАсъад 0779 4000 59

“Алай” футболдук командасы Кыргызстандын фуктбол тарыхында белгилүү орунду ээлеп келет. Аталган команда Ош технологиялык университеине келип, мындагы билим алып жатышкан студенттер жана окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Андан сырткары окуу жайдын спорттук базасы менен кеңири таанышып, ОшТУнун футбол командасына мастер класс көрсөтүштү.

 

Пресскатчы: Туратбек уулу Асъад 0779 4000 59

Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин мугалимдери өзгөчө интерактивдүү доска жасап чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, студенттер мындан ары жаңы досканын жардамында архитектуралык, мультимедиялык программаларды кеңири колдоно алышат.

Ошондой эле, анын өзгөчөлүгү сенсорлуу болуп, билим сапатын жогорулатууга жана сабактарды кызыктуу өтүүгө жардам берет. Интерактивдуу доскага салыштырып кетсек бир топ баасы да уномдуу болуп, студенттер учун кызыктуу, пайдалуу, убакыт уномдуу болот экен.

Ош технологиялык университетинде биринчи курс студенттердин арасында спартакиадасы башталды. Бул спорттук иш-чарага окуу жайдын бардык факультеттеринин командалары катышат. Иш-чаранын негизги максаты жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык универсиадага, окуу жайдын курама командасын тандоо болуп эсептелет. Аталган иш-чара спорттун улуттук жана классикалык тогуз түрүнөн өткөрүлүп, ар бир түрүнөн мыкты спортчу студенттер күч сынашышат. Жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон командалар университеттин жетекчилиги тарабынан жана “Намыс” спорт клубу тарабынан баалуу белектер, спорттук кийимдер дипломдор ыйгарылат

Пресскатчы: Туратбек уулу Асъад 0559 4000 59

Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алгандыгын жыйырма сегиз жылдыгын жер-жерлерде салтанаттуу белгилөө жүрүп баштады. Ош технологиялык университети да бул күнгө арналган майрамдык салтанатты студенттер менен биргеликте белгилешти. 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик тил деген статус берилип, ошол күндөн тарта мамлекетибизде кыргыз тилинин аброю артып, бардык иш-кагаздар кыргыз тилинде жүргүзүлүп, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар кыргыз тилинде өткөрүлүп баштады

Ош технологиялык университетинде жаңы пайда болуп жаткан маалыматтык системалар технологиясынын жардамында суунун сапатын изилдөө боюнча конференция өткөрүлдү. Иш-чарага экология багытында эмгектенген илимпоздор, адистер жана чет өлкөдөн келген адистер катышышты. Долбоордун алкагында изилдөө обьектиси катары Ош шаарынын ортосунан орун алган Ак-Буура дарыясы алынган. Ак-Бууранын башынан аягына чейин изилдеген илимпоздор бүгүнкү күндөгү анын шаар калкына тийгизип жаткан оң жана терс сапаттары жөнүндө бүгүнкү конференцияда маалымат беришти.

Osh Technological University hosted the conference on testing the quality of water by using informational system technology. The international and national researchers and professors of ecology took part in this conference. As a case of the project there was researched the river Akbuura. The researchers have given extensive information about the Akbuura, which has positive and negative influences on people today.

Бүгүн, Ош технологиялык университетинин технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин костюмду көркөм долбоорлоо адистигинин 1-курсунун студенттеринин “Адеп башаты өнөрдө” атту көркөм сүрөт өнөрү көргөзмөсү болду. Көргөзмөдө мыкты катышкан алдынкы студенттерди факультеттин деканы Дүйөшөналы Жорокулов дипломдор менен сыйлады.

Пресскатчы: Туратбек уулу Асъад 0779 4000 59

ОшТУнун өздүк вебсайты: www.oshtu.kg

ОшТУнун ютуб каналы: https://www.youtube.com/channel/UCrjf_AZO0aXPWn2FPj6HrRw

 

Эми ОшТУ Кытай менен кызматташат. Бул тууралуу бүгүн  ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров билдирди. 2017-2018-жаңы окуу жылына карата Кытай студенттери жана мугалимдери, ошондой эле ОшТУнун студенттери жана мугалимдери Кытайга барып тажрыйба алмашуу келишимин түзүү үчүн Кытай мамилекетиндеги ЮНЕСКО ассоциациясынын пезиденти Ду Енг  Жун ОшТУга келди. Ду Енг Жун Ош технологиялык университетинин материалдык техникалык базасы менен таанышып чыгып, ОшТУнун техникалык базасы жогорку деңгээлде экендигин белгиледи.

ПРЕССКАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД 0559 4000 59

ОшТУнун өздүк вебсайты: www.oshtu.kg

ОшТУнун ютуб каналы: https://www.youtube.com/channel/UCrjf_AZO0aXPWn2FPj6HrRw

Бүгүн, 5-июнь күнү Ош технологиялык университетинин алдындагы ЖОЖдор аралык Аскердик факультетинин практикалык сабактарын баштоо үчүн атайын салтанаттуу азем өттү. Салтанатты ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов ачып, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына карата Аскер факультетинин кызматкерлерин ардак грамота жана акчалай белектер менен куттуктады. Эми курсантар эки жыл бою алган теориялык билимдерин практика жүзүндө аскердик талаада өтөшөт.

Пресскатчы: Туратбек уулу Асъад 0779 4000 59

ОшТУнун өздүк вебсайты: www.oshtu.kg

ОшТУнун ютуб каналы: https://www.youtube.com/channel/UCrjf_AZO0aXPWn2FPj6HrRw

Уважаемые сотрудники ОшТУ!

На основании экспертизы из Российского индекса научного цитирования исключены 344 журнала!

Публикации в данных журналах и цитирования опубликованные после 20 апреля 2017 года не будут учитываться при расчете библиометрических показателей авторов и организаций.

Советуем быть внимательными при выборе журнала для публикации результатов своих исследований.

Список исключенных журналов доступен на сайте elibrary.ru в каталоге журналов, фильтр «Исключен из РИНЦ».

 

Яндекс.Метрика
Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
Как создать личный сайт.