Ош технологиялык университеттинде “Милиция менин досум” аталышында жыйын өттү

    Бүгүн Ош технологиялык университеттинде “Милиция менин досум” аталышында жыйын өттү. Жыйынга Ош областтык жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ОшТУнун студенттери жана мугалимдери катышышты. Иш-чара Агартуу академиясы коомдук фонду жана ОшТУнун тарбия иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулуп, максаты элдин милиция кызматкерлерине болгон ишенимин жогорулатуу жана милиция менен достукту бекемдөө болуп саналат. Жолугушуунун жүрүшүндө видеороликтер көрсөтүлдү.

    ОшТУнун маалымат кызматы: 0779 4000 59 Асад

    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.