Ош технологиялык университетинде салтка айланган спартакиада жыйынтыкталды

    Кечээ Ош технологиялык университетинде салтка айланган  спартакиада жыйынтыкталды. Бул мелдеш 15-январдан 23-январь күндөрү аралыгында өтүп, спорттун 7 түрү боюнча жүрдү. Спартакиадага ОшТУнун жалпы факультетин окутуучулук курамы жана кызматкерлери катышышты. Жыйынтыгында 1-орунду технологиялык колледжи алса, 2-орунду архитектура жана курулуш факультети, 3-орунд технология жана жаратылышты пайдалануу факультети ээледи. Иш-чарага ОшТУнун ректору профессор Абидов Абдыкадыр Омарович 20 000 сом ажыратып, 1-орунга 10 000 сом, 2-орунга 6000сом жана 3-орунга 4000сом тапшырды. Мындан сырткары баалуу белектер, дипломдор берилди. Окуу жайдын дене тарбия кафедрасынын башчысы Бакыт Кулуевдин айтымында иш-чараны өткөрүүнүн максаты окуучулардын жана кызматкерлердин арасында ынтымакты бекемдөө. Оюндун өтө жогорку деңгээлде өтүп, эч кандай травма алуу болгон жок деп билдирди Бакыт Кулуев.
    ОшТУнун маалымат кызматы: 0779 400 59
     
     


    С уважением,
    Асьад Туратбек уулу 0559 4000 59

    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.