3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнү

    3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнү. Бул күнгө карата Ош технологиялык университетинде бир жумалык акция жүрүп, ОшТУнун жетекчилиги, мугалимдери жана студенттери тарабынан акчалай жардам чогултулду. Жалпысынан 37 100 (отуз алты миң алты жүз) сом чогулду. Бүгүн 4-декабрь күнү ОшТУга Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын мектеп интернатынын окуучулары келип, окуу жай менен таанышып, ОшТУнун кызматкерлерине жана студенттерине концерттик программа тартуулашты. Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын мектеп интернатына 20 000 сом берилип, окуучуларга жана коштоп келген мугалимдерге окуу жай тарабынан сый тамагы уюштурулду. Ал эми калган акча шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга таркатылып берилет. Мындан сырткары ректордун буйругу менен “Мезгил” балдар үйүнө 5000 сом жана Ош шаарынын 2 тургунуна 2000 сомдон  акчалай жардам көрсөтүлдү.  
     
    ОшТУнун пресскатчысы:   Туратбек уулу Асьад      0779 4000 59   
     
    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.