Ош технологиялык университенин биринчи курстарынын “Тушоо кесүү” салтанаты өттү

    Ош улуттук драма театрында Ош технологиялык университенин биринчи курстарынын “Тушоо кесүү” салтанаты өттү. Иш-чараны окуу жайдын ректору, профессор Абдыкадыр Абидов ачып, биринчи курстарга кең келечек каалады. Биринчи курстардын тушоо кесүү салтанаты ОшТУнун тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти жана жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, биринчи курстар ортосунда КВН таймашы өттү. Биринчи орунду алган ОшТУнун архитектура жана курулуш факультетинин командасы окуу жайдын жетекчилиги тарабынан качалай сыйлыктар, уюлдук телефон жана баалуу белектер, дипломдор менен сыйланды. Окуу жайыбыз билим берүү менен гана чекелбестен маданиятка жана спортоко өзгөчө көңүл бөлүп келет.
     
    Пресскатчы: Туратбек уулу Асьад    0779 4000 59
    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.