5-октябрь Ош шаарынын күнү Курманжан-Датка аймагында чоң салтанат менен белгиленди

    5-октябрь Ош  шаарынын күнү  Курманжан-Датка аймагында чоң салтанат менен белгиленди. Шаардын күнүнө арналган салтанатка  Ош  шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов, Курманжан-Датка аймактык кеңешинин төрагасы Беделбай Маматов катышып,  шаардыктарды майрамы менен куттукташып,  ордолуу Ош шаарынын  тургундарына ынтымак, биримдик жана  кут, береке каалашты.

    Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык салтанат Ош технологиялык университетинин маданий эстетикалы борбору тарабынан уюштурулуп, миңге жакын адам катышты. Майрамдык салтанатта шаар тургундары, жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары күбө болушту. Майрам  жаштардын дискотекасы менен аяктады.

     Аянтта ыр-күүлөр жаңырып, майрам шаңына шаң кошуп турду.

    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.