Ош технологиялык университетинде биринчи курс студенттердин арасында спартакиадасы башталды

    Ош технологиялык университетинде биринчи курс студенттердин арасында спартакиадасы башталды. Бул спорттук иш-чарага окуу жайдын бардык факультеттеринин командалары катышат. Иш-чаранын негизги максаты жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык универсиадага, окуу жайдын курама командасын тандоо болуп эсептелет. Аталган иш-чара спорттун улуттук жана классикалык тогуз түрүнөн өткөрүлүп, ар бир түрүнөн мыкты спортчу студенттер күч сынашышат. Жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон командалар университеттин жетекчилиги тарабынан жана “Намыс” спорт клубу тарабынан баалуу белектер, спорттук кийимдер дипломдор ыйгарылат

    Пресскатчы: Туратбек уулу Асъад 0559 4000 59

    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.