ОшТУда “ ЫЙМАН, АДЕП ЖАНА МАДАНИЯТ” жылына жана манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган “ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТ - 2017” аймактык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

    Студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу жана усулдук жактан колдоо көрсөтүү максатында Ош технологиялык университетинде 2017-жылдын 26-апрелинде “Илим жана студент-2017” аймактык студенттик илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Бул конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият” жылына жана улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине арналды.

    “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын улуу манасчынын 150 жылдыгы менен шайкеш келиши уюткулуу, улуу кыргыз элибиздин улуттук маданиятынын тереңдигинен жана дүйнөдө жок бийик чыгармаларды жараткан элдин түбөлүктүүлүгүнөн кабар берет. Илимий-практикалык конференциябыз бүгүнкү муунду элибиздин өткөн тарыхына кайрылып, маданиятыбызды даңазалоого, нукура кыргыз элине таандык болгон улуттук адатыбызды, салт-санаабызды, адептүүлүгүбүздү сактоого чакырды.

    Конференцияга Кыргызстандын улуу окумуштуу-илимпоздору, ОшТУнун студенттери, Кыргызстандын түштүк региондорунун жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

    Конференцияга катышууга жалпысынан 897 илимий баяндама келип түшкөн, 47 секцияда баяндамалар угулуп, кызык дискуссияны жаратты, анын ичинен Кыргызстандын түштүк регионундагы Жогорку Окуу Жайларынан жалпысынан 146 илимий баяндама секциялык отурумдарда кызык талкууланды: ОшМУдан – 25, ОшМСУдан-42, КИТЕП БатМУдан -8, ОГПИден-8, ЖУЭПтен-21, ЖаГУдан-8 , Өзгөн технология жана билим берүү колледжинен (Өзгөн ш.) -34, илимий баяндамалар.

    Пленардык отурумда 4 илимий баяндама окулуп, кызык дискуссияны жаратты: 1. “Манас эпосунун көөнөрбөс адептик-ыймандык, патриоттук дөөлөттөрү-улуттун руханий кенчи” деген темада Арстанбек кызы Айжамал ОшТУнун ИВТ-1-16 тайпасынын студенти баяндама жасады. Илимий жетекчилери: филол.и.к., доц. Саттарова А., ага окутуучу Турганбаева Н.

    1. “Азыркы мезгилдеги миграциялык процесстердин кыргыздардын коомдук турмушуна жана маданиятына тийгизген таасири” деген темада Сүйүтбеков Баяман Равшанович ОшМУнун тарых факультетинин И(Б)-1-15 тайпасынын студенти баяндады. Илимий жетекчиси:   т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э.
    2. “Создание адаптивного сайта с помощью FRAMEWORK BOOTSTRAP 3” деген темада Акыш уулу Нурсейит ОшТУнун ИВТ-1-15 тайпасынын студенти кызык дискуссияны жаратты. Илимий жетекчиси:   т.и.к., доцент Кутунаев Ж.Н.
    3. “Кыргызстандагы жер деградация көйгөйлөрү” боюнча Орозбек уулу Адилет ЗЧС-15 тайпасынын студенти кызык баяндама жасап, студенттердин арасында кызыктуу дискуссияны жаратты. Илимий жетекчиси: б.и.к., доцент Тешебаева З.А.

    Конференциянын жыйынтыгы боюнча жалпысынан 162 студент алдыңкы орундарга чыгып: 1 - орунга 52 студент; 2 - орунга   55 студент; 3 –орунга 55 студент ээ болуп Ош технологиялык университетинин дипломдору менен сыйланышты.

    Студенттердин илимий иштерди алып баруусу алардын адис катары калыптануусунда жана дүйнө таанымын кенейтүүдө чон маниге ээ экенин белгилөө менен бирге конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынды.

    Даярдаган: Илим болумунун башчысы, б.и.к., доцент     Тешебаева З.А.

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.
    We use cookies to improve our website. Cookies used for the essential operation of this site have already been set. For more information visit our Cookie policy. I accept cookies from this site. Agree