ОшТУнун студенттери көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам беришти

    Ош технологиялык университетинин студенттеринен куралган ыктыярдуу отряд жер көчкү апаатына кабылган Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Курбу-Таш айылына түздөн түз жардам көрсөтүштү. 2-май күнү өз демилгелери менен топтогон ыктыярдууларга “Геология” кафедрасынын доценти Н.А. Калдыбаев жетекчилик кылып, алар эки күн бою кооптуу аймакта иш алып барышты. Атуулдук парзды бийик тутуп, кооптуу аймакка кол сунуп жардамга барган Технологиялар жана жаратылышты пайдалануу факультетинин төмөнкү студенттери өзгөчө алкышка татыктуу:

    Аширов Аблизазиз, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти

    Асылбек уулу Сыймык, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти
    Эрмекбай уулу Эрдавлет, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти

    Турсуналиев Орозбек, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти
    Максидинов Маратбек, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти
    Рысбеков Нурсултан, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти
    Орозбек уулу Адилет, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти

    Алмазбек уулу Эрлан, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти

    Абдулла уулу Мыктыбек (ЗЧС -14) тайпасынын студенти


    Биринчи күнү ыктырдуулар тарабынан Курбу-Таш айылындагы К. Калмурзаев атындагы орто мектептин эмеректерин эвакуациялоого жардам берилди. Кийинки күнү турак жайлары көчкү алдында көмүлүп бараткан эки үй-бүлөнүн зарыл буюмдары коопсуз жайга көчүрүлдү. Жергиликтуу калк балдарга терең ыраазычылыктарын билдиришти.

     

    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.
    We use cookies to improve our website. Cookies used for the essential operation of this site have already been set. For more information visit our Cookie policy. I accept cookies from this site. Agree