ОшТУнун эмгек жамааты жана студенттери Ак-Бууранын жээгин таштандылардын арылтты

    2017-жыл "Ыйман, адеп жана маданият" жылына карата бүгүн 25-март күнү Ош технологиялык университетинин ректору Абдыкадыр Абидов баш болуп, ОшТУнун эмгек жамааты жана студенттери Ош шаарынын көркү болгон Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги таштандыларды, ашыкча өскөн чөптөрдү тазалоого чыгышты. Шаардын тазалыгы үчүн Мындан сырткары, окуу жайга кооздук тартуулап, көрк берип туруу максатында дарактардын, арчалардын көчөттөрү отургузулду. Мындай аракаеттердин аркасында окуу жай алыстан келген адамдарга эстетикалык рахат тартуулап, аларды кайдыгер калтырбаган күчкө ээ болуп, өзгөчө таасир калтырат. Жыл сайын ар кандай бак-дарактардын түрлөрүн тандап, аларды отургузуу иштери окуу жайдын жетекчилиги тарабынан колдоого алынып келет.

    ПРЕССКАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД   0779 4000 59

    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.