Нооруз майрамына карата эки күнгө созулган салтанаттуу азем болуп өттү

    20-21 март күндөрү Ош шаарынын "Жеңиш" эс алуу жайында Нооруз майрамына карата эки күнгө созулган салтанаттуу азем болуп өттү. Иш-чара Ош технологиялык университетинин жааматы, социалдык өнүктүрүү жана тарбиялык иштер боюнча департаменти тарабынан уюштурулду.

    Майрамдык салтанатка арналган чоң программадагы концертке ОшТУнун таланттуу студенттери, чыныгы артисттердин аткаруусунан тең калышпаган ыр, бий, күүлөрүн тартуулоо менен катышуучулардын дүркүрөгөн кол чабууларына татышты.

    Концерт учурунда Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин "Компьютердик лингвистика" адистиги боюнча окуган студенттери өздөрү иштеп чыккан заманбап кыргыз бийин көрсөтүштү.

    Иш-чарага Ош шаарынын мэри Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич да күбө болуп, жалпы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

    Концерт аяктагандан кийин, салтанаттын уюштуруучулары келген конокторду майрамдык даам сызып кетүүгө университеттин ашканасына чакырышты.

    ПРЕССКАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД 0559 4000 59

    Яндекс.Метрика
    Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
    Как создать личный сайт.