Бүгүн, Ош технологиялык университетинин технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин костюмду көркөм долбоорлоо адистигинин 1-курсунун студенттеринин “Адеп башаты өнөрдө” атту көркөм сүрөт өнөрү көргөзмөсү болду. Көргөзмөдө мыкты катышкан алдынкы студенттерди факультеттин деканы Дүйөшөналы Жорокулов дипломдор менен сыйлады.

Пресскатчы: Туратбек уулу Асъад 0779 4000 59

ОшТУнун өздүк вебсайты: www.oshtu.kg

ОшТУнун ютуб каналы: https://www.youtube.com/channel/UCrjf_AZO0aXPWn2FPj6HrRw

 

Эми ОшТУ Кытай менен кызматташат. Бул тууралуу бүгүн  ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров билдирди. 2017-2018-жаңы окуу жылына карата Кытай студенттери жана мугалимдери, ошондой эле ОшТУнун студенттери жана мугалимдери Кытайга барып тажрыйба алмашуу келишимин түзүү үчүн Кытай мамилекетиндеги ЮНЕСКО ассоциациясынын пезиденти Ду Енг  Жун ОшТУга келди. Ду Енг Жун Ош технологиялык университетинин материалдык техникалык базасы менен таанышып чыгып, ОшТУнун техникалык базасы жогорку деңгээлде экендигин белгиледи.

ПРЕССКАТЧЫ: ТУРАТБЕК УУЛУ АСЪАД 0559 4000 59

ОшТУнун өздүк вебсайты: www.oshtu.kg

ОшТУнун ютуб каналы: https://www.youtube.com/channel/UCrjf_AZO0aXPWn2FPj6HrRw

Бүгүн, 5-июнь күнү Ош технологиялык университетинин алдындагы ЖОЖдор аралык Аскердик факультетинин практикалык сабактарын баштоо үчүн атайын салтанаттуу азем өттү. Салтанатты ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов ачып, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына карата Аскер факультетинин кызматкерлерин ардак грамота жана акчалай белектер менен куттуктады. Эми курсантар эки жыл бою алган теориялык билимдерин практика жүзүндө аскердик талаада өтөшөт.

Пресскатчы: Туратбек уулу Асъад 0779 4000 59

ОшТУнун өздүк вебсайты: www.oshtu.kg

ОшТУнун ютуб каналы: https://www.youtube.com/channel/UCrjf_AZO0aXPWn2FPj6HrRw

Уважаемые сотрудники ОшТУ!

На основании экспертизы из Российского индекса научного цитирования исключены 344 журнала!

Публикации в данных журналах и цитирования опубликованные после 20 апреля 2017 года не будут учитываться при расчете библиометрических показателей авторов и организаций.

Советуем быть внимательными при выборе журнала для публикации результатов своих исследований.

Список исключенных журналов доступен на сайте elibrary.ru в каталоге журналов, фильтр «Исключен из РИНЦ».

 

27 апреля 2017 года сотрудниками Департамента науки при МОН КР совместно с экспертами компании Clarivate Analytics в Ошском технологическом университете им. М. Адышева был проведен обучающий семинар по использованию данной платформы для ППС, научных сотрудников, аспирантов, докторантов и магистрантов. В данном мероприятии приняло участие более 70 сотрудников унивеститета, заинтересованных в публикации в международных изданиях.

Благодаря тому что, Министерство образования и науки Кыргызской Республики и компания Clarivate Analytics (ранее – подразделение Томсон Рейтер по интеллектуальной собственности и научным исследованиям) 27 декабря 2016 года подписали соглашение о сотрудничестве, нацеленное на укрепление престижа национальной науки и повышение узнаваемости кыргызских учёных в международных академических сообществах. В рамках подписанного документа все образовательные учреждения и научные организации страны получат доступ к Web of Science, международной наукометрической платформе для научных, технологических и академических исследований.

Web of Science включает в себя как реферативную базу данных, так и ссылки на полнотекстовые версии статей, которые доступны в рамках эксклюзивного договора Clarivate Analytics с Google Scholar, индексируемых в Web of Science.

Сообщаем, что в июне 2017 года также планируется проведение 3-х дневного семинара для специалистов-операторов данной платформы, после завершения которого слушателям будут вручены соответствующие сертификаты.

Студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу жана усулдук жактан колдоо көрсөтүү максатында Ош технологиялык университетинде 2017-жылдын 26-апрелинде “Илим жана студент-2017” аймактык студенттик илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Бул конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият” жылына жана улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине арналды.

“Ыйман, адеп жана маданият” жылынын улуу манасчынын 150 жылдыгы менен шайкеш келиши уюткулуу, улуу кыргыз элибиздин улуттук маданиятынын тереңдигинен жана дүйнөдө жок бийик чыгармаларды жараткан элдин түбөлүктүүлүгүнөн кабар берет. Илимий-практикалык конференциябыз бүгүнкү муунду элибиздин өткөн тарыхына кайрылып, маданиятыбызды даңазалоого, нукура кыргыз элине таандык болгон улуттук адатыбызды, салт-санаабызды, адептүүлүгүбүздү сактоого чакырды.

Конференцияга Кыргызстандын улуу окумуштуу-илимпоздору, ОшТУнун студенттери, Кыргызстандын түштүк региондорунун жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

Конференцияга катышууга жалпысынан 897 илимий баяндама келип түшкөн, 47 секцияда баяндамалар угулуп, кызык дискуссияны жаратты, анын ичинен Кыргызстандын түштүк регионундагы Жогорку Окуу Жайларынан жалпысынан 146 илимий баяндама секциялык отурумдарда кызык талкууланды: ОшМУдан – 25, ОшМСУдан-42, КИТЕП БатМУдан -8, ОГПИден-8, ЖУЭПтен-21, ЖаГУдан-8 , Өзгөн технология жана билим берүү колледжинен (Өзгөн ш.) -34, илимий баяндамалар.

Пленардык отурумда 4 илимий баяндама окулуп, кызык дискуссияны жаратты: 1. “Манас эпосунун көөнөрбөс адептик-ыймандык, патриоттук дөөлөттөрү-улуттун руханий кенчи” деген темада Арстанбек кызы Айжамал ОшТУнун ИВТ-1-16 тайпасынын студенти баяндама жасады. Илимий жетекчилери: филол.и.к., доц. Саттарова А., ага окутуучу Турганбаева Н.

  1. “Азыркы мезгилдеги миграциялык процесстердин кыргыздардын коомдук турмушуна жана маданиятына тийгизген таасири” деген темада Сүйүтбеков Баяман Равшанович ОшМУнун тарых факультетинин И(Б)-1-15 тайпасынын студенти баяндады. Илимий жетекчиси:   т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э.
  2. “Создание адаптивного сайта с помощью FRAMEWORK BOOTSTRAP 3” деген темада Акыш уулу Нурсейит ОшТУнун ИВТ-1-15 тайпасынын студенти кызык дискуссияны жаратты. Илимий жетекчиси:   т.и.к., доцент Кутунаев Ж.Н.
  3. “Кыргызстандагы жер деградация көйгөйлөрү” боюнча Орозбек уулу Адилет ЗЧС-15 тайпасынын студенти кызык баяндама жасап, студенттердин арасында кызыктуу дискуссияны жаратты. Илимий жетекчиси: б.и.к., доцент Тешебаева З.А.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча жалпысынан 162 студент алдыңкы орундарга чыгып: 1 - орунга 52 студент; 2 - орунга   55 студент; 3 –орунга 55 студент ээ болуп Ош технологиялык университетинин дипломдору менен сыйланышты.

Студенттердин илимий иштерди алып баруусу алардын адис катары калыптануусунда жана дүйнө таанымын кенейтүүдө чон маниге ээ экенин белгилөө менен бирге конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынды.

Даярдаган: Илим болумунун башчысы, б.и.к., доцент     Тешебаева З.А.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2017-жыл “Ыйман, адеп-ахлак жана маданият” жылына карата Ош шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн спартакиада Ош технологиялык университинин мырзалар жана айымдар курама командасы волейбол боюнча 3-орунду багынтышып, Ыссык-Көл ден-соолук оюндарына жолдомо утуп алышты.

Пресскатчы: Туратбек уулу Асъад 0779 4000 59

ОшТУнун өздүк вебсайты: www.oshtu.kg

Ош технологиялык университетинин студенттеринен куралган ыктыярдуу отряд жер көчкү апаатына кабылган Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Курбу-Таш айылына түздөн түз жардам көрсөтүштү. 2-май күнү өз демилгелери менен топтогон ыктыярдууларга “Геология” кафедрасынын доценти Н.А. Калдыбаев жетекчилик кылып, алар эки күн бою кооптуу аймакта иш алып барышты. Атуулдук парзды бийик тутуп, кооптуу аймакка кол сунуп жардамга барган Технологиялар жана жаратылышты пайдалануу факультетинин төмөнкү студенттери өзгөчө алкышка татыктуу:

Аширов Аблизазиз, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти

Асылбек уулу Сыймык, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти
Эрмекбай уулу Эрдавлет, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти

Турсуналиев Орозбек, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти
Максидинов Маратбек, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти
Рысбеков Нурсултан, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти
Орозбек уулу Адилет, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти

Алмазбек уулу Эрлан, (ЗЧС -15) тайпасынын студенти

Абдулла уулу Мыктыбек (ЗЧС -14) тайпасынын студенти


Биринчи күнү ыктырдуулар тарабынан Курбу-Таш айылындагы К. Калмурзаев атындагы орто мектептин эмеректерин эвакуациялоого жардам берилди. Кийинки күнү турак жайлары көчкү алдында көмүлүп бараткан эки үй-бүлөнүн зарыл буюмдары коопсуз жайга көчүрүлдү. Жергиликтуу калк балдарга терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Кыргыз Республикасынын “Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылы Ош областындагы үч үй-бүлөнү “Үлгүлүү үй-бүлө” төш белгиси менен сыйлады. Алардын бири Ош технологиялык университетинин дене тарбия кафедрасынын мугалими Маматали Кенжебаевтин үй-бүлөсү. Бүгүн ОшТУнун админстративдик кеңешинин жыйынында ОшТУнун ректору, профессор Абидов Абдыкадыр Омарович Маматали Кенжебаевти алган сыйлыгы менен куттуктады.

“Биз 21-кылымдынинтеллектуалдарыбыз - 2017” аталышындагы жаш ойлоп табуучулардын кароо сынагы өттү. Анда окуучулар ойлоп тапкан эмгектерин алып чыкты. Жалпы 70 окуучу катышты. Алардын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана сыйлыктар тапшырылды.

Яндекс.Метрика
Скачать лучшие шаблоны Joomla бесплатно.
Как создать личный сайт.