ЭжБ факультетинин кыскача тарыхы – ЭжБ факультети “Экономика” багыты боюнча адистерди даярдаган Кыргызстандын Түштүгүндөгү эң биринчи факультеттерден болуп саналат. Ош технологиялык университетинде 1992-1993- окуу жылы уюшулган. Өзүнүн 29 жылдык тарыхында ЭжБ факультети окутуунун жана илимий изилдөөлөрдүн эң мыкты салттарын, окутуучулардын кесиптик кадрларын калыптандырып, экономика жана башкаруу боюнча 10 миңден ашуун адистерди даярдаган.
Азыркы учурда ЭБФ – 5 кафедра, 50 дөн ашуун кызматкер, анын ичинен 4 илимдин доктору профессор, 1 профессор Ош ТУ, 20 дан ашуун илимдин кандидаттары, 20 экономиканын, менеджменттин жана мамлекеттик башкаруунун магистрлери эмгектенүүдө жана 7000ден ашуун күндүзгү жана сырттан (дистанттык) окуу боюнча студенттер билим алууда.
Ош Технологиялык университети экономикалык адистиктерге даярдоо үчүн абитуриенттерди кабыл алууну алгач 1991-жылы баштаган. Республиканын түштүгүндө экономисттерди даярдоо чечими ОшТУнун биринчи ректору, КР УИА мүчө-корр, КР ИА академиги, э.и.д., профессор П.К. Купуевдин эмгегинин натыйжасында алынган.
Алгач «Турмуш тиричилик-коммуналдык тейлөө жана шаар чарбасынын экономикасы жана башкаруу» жана «Өндүрүштү уюштуруу» адистиктери боюнча болочок экономисттер кабыл алынган. 1992-жылы ОшТУда биринчи жолу контракттык негизде «коммерция» адистигине кабыл алуу башталган. Ошентип Кыргызстандын түштүгүндө биринчи экономика факультети ачылып, азыркы экономика жана башкаруу факультетинин пайдубалы түптөлгөн. Кийинчерээк жаңы кафедралар түзүлүп, жогорку билим берүүнүн жаңы классификаторуна ылайык студенттер кабыл алына баштаган.
ЭжБ факультети экономика жана башкаруу жаатындагы бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо үчүн фундаменталдык жана кесиптик даярдыкты камсыздайт. Илимий-изилдөө ишмердүүлүк жүргүзүү жөндөмдөрүн, ошондой эле жигердүү турмуштук позицияны, Кыргызстанда илимди жана маданиятты калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, билим берүү системасынын мыкты салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө умтулат. Факультет студенттердин билимдерин үзгүлтүксүз жаңылоого, интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга, жогорку моралга жана адеп-ахлакка умтулуусун калыптандырат жана көмөк көрсөтөт. Факультет кеңири спектрдеги билим берүү жана илимий кызматтарды көрсөтөт, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр, керектөөчүлөр, республикадагы ЖОЖдор, илимий жана окуу борборлору, бийлик органдары жана коомчулук менен ишенимдүү өнөктөштүк байланыштары бар.
Багыттары:
Факультет төмөндөгүдөй багытта бакалаврларды даярдайт:
- Экономика (профилдери: Бухгалтердик эсеп жана аудит, Финансы жана кредит, Ишканалардагы экономика жана башкаруу)
- Бизнес информатика (Профилдери: Электрондук бизнес, Каржы-банк чөйрөсүндөгү маалымат коопсуздугу, Экономикадагы электрондук башкаруу)
- Логистика (Профилдери: Ишмердүүлүк логистикасы, Каржы-банктык логистикасы)
- Бизнести башкаруу (Профилдери: Эл аралык бизнес, Долбоорлорду башкаруу)
- Колдонмо информатика (Профилдери: Экономикадагы колдонмо информатика, Банк ишиндеги маалыматтар системасы)
- Интернет технологиялары жана башкаруу (профили: Бухгалтердик эсепте, анализде жана аудитте)
- Социалдык иш (профили: Социалдык иш)
- Аймак таануу (профили: Аймак таануу)
Деканаттын курамы
Факультеттин деканы – Атабеков Алмаз Каримович, э.и.д.
Мазирбаев Калыбай Кадыркулович – декандын тарбия иштери боюнча орун басары. Экономиканын магистри.
моб.: 0779595116; e-mail: kalybai89@mail.ru
Маметова Гулназ Абдикеримовна – декандын сырттан окуу, илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча орун басары. “Бизнести башкаруу жана социалдык иш” кафедрасынын доценти, э.и.к.,
моб.: 0553382383,0773382383; e-mail: gulnaz-mametova@mail.ru
Факультеттин структурасы:
- Факультеттин окумуштуулар кеңеши 21 окутуучудан түзүлгөн, алар 5 кафедранын өкүлдөрү болуп эсептелет. Факультетте 60тан ашык кызматкерлер эмгектенишет. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы – э.и.д., профессор Атабеков А. К.
- Окумуштуулар кеңешинин окумуштуу катчысы – “Бизнести башкаруу жана социалдык иш” кафедрасынын доценти, э.и.к. Маметова Г.А.
- Факультеттин усулдук комиссиясын ф-м.и.к. Орозмаматова Ж.Ш. жетектейт. Комиссиянын курамында 5 окутуучу бар.
- Факультетте 5 бүтүрүүчү кафедра бар.
А) Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы “Экономика” багыты боюнча бакалаврларды “Бухгалтердик эсеп жана аудит” профили боюнча даярдашат. Кафедра башчысы э.и.к., доцент Хамзаева А.М.
Б) Экономика жана финансы кафедрасы “Экономика” багыты боюнча бакалаврларды “Финансы жана кредит” профили броюнча даярдашат. Кафедра башчысы э.и.к., доцент Зикираев М.Т.
В) Менеджмент кафедрасы бакалаврларды “Логистика” багыты боюнча даярдайт. Кафедра башчысы э.и.к., доцент Усанова Ж.У.
Г) Бизнес информатика жана маалыматтык экономика кафедрасы бакалаврларды “Бизнес информатика жана экономикадагы колдонмо информатика” багыттары боюнча даярдайт. Кафедра башчысы э.и.д., профессор Ташбаев А.М.
Д) Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы бакалаврларды “Бизнести башкаруу”, “Социалдык иш” жана “Аймак таануу” багыттары боюнча даярдайт. Кафедра башчысы ф.и.д., проф. Кедейбаева Ж.А.
Факультеттеги студенттердин саны:
Экономика жана башкаруу факультетинде жалпы 2820 студент бар, күндүзгү бөлүмдө 257 студент жана дистанттык бөлүмдө 2563 студент окушат:
- Факультеттин комплекстүүиш планы
- Программа развития факультета экономики и управления
- Прохождения практик (фотоочеты)
- Договор по практике
- Анкетирование преподавателей
- Анкетирование родителей
- Анкетирование студентов