Токтогулов Таалайбек Садыкович

Токтогулов Таалайбек Садыкович техника илимдеринин кандидаты, доцент
Туулган жылы: 16.05.1965- жыл, Ош обулусу, Совет (азыркы Кара-Кулжа) району, Ой-Тал айылы.
Ээлеген кызматы: академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинин директору.
Эмгек жолу: 1982-1983- жж.- Ош обулусунун Совет районунун Сагындык совхозунун жумушчусу;
1983-1985- жж.- Советтик Армиянын катарында кызмат өтөө;
1985-1989-жж.- Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун студенти;
1989-1990- жж.- Фрунзедеги политехникалык институтунун студенти;
1990-1991- жж.- Түштүк Кыргыз Окуу-илимий борбору, инженер;
1991-2009- жж.- академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, окутуучу, ага окутуучу;
2009-2014-жж.  ОшТУнун ТИжСӨД директору.
2014- жылдан ОшТУнун Технологиялык колледжинин директору.
Илимий даражасы: техника илимдеринин кандидаты (2009- ж.), доцент (2013- ж.).
Илимий иштери: 20дан ашуун илимий макала, 10дон ашуун окуу усулдук колдонмолор.
Калссификациясын жогорулатуу: 1991- ж- Москвадагы Д. Менделеев атындагы химия-технологиялык институту;
Сыйлыктары: ОшТУнун ардак грамоталары, Ош шаарынын мэриясынын ардак  грамотасы, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардак грамотасы, КР Ички иштер министрлигинин алкышы, КР Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси.
Үй- бүлөсү: үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун атасы.
Дареги: Ош шаары, Н. Исанов көчөсү №85, кв. №1, тел. 03222 43354