Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз комитети – студенттердин, профессордук окутуучулар жамаатынын, аспиранттардын, жумушчулардын курамынан турган коомдук уюмдардын бири. Бириккен профсоюз комитетинин негизги милдети –Университеттин окуу тарбиялык, маданий-массалык жана илимий-изилдөө иштеринин сапатын жогорулатууда, кызматкерлердин ден соолугун чыңдоодо, студенттердин жашоо шарттары үчүн түзүлгөн камкордукттарды эмгек кодексинин негизинде жүргүзүүнү көзөмөлдөп жана жакшыртуу болуп саналат.
ОшТУнун бириккен профсоюз комитети жаштар комитети, студенттик акыйкатчы, жатакананын студенттик сенаттарынын бир топ иш чараларына, маданий көңүл ачуусуна жана спорттук таймаштарга материалдык колдоо көрсөтөт. Эң негизгиси студенттер, окутуучулар жана башка кызматкерлерди социалдык жактан колдоо менен бирге, алардын укугун коргоп келет.
Бириккен профсоюз комитети өз ишин факультеттердеги, бөлүмдөрдөгү атайын шайланган бюро мүчөлөрү аркылуу жүргүзөт.
ОшТУда эмгектенген жумушчулар жана окуган студенттер бириккен профсоюз комитетине мүчө болуу укугуна ээ. Ал үчүн бириккен профсоюз комитетинин кабинетинен, же факультеттердеги профсоюз комитетинин мүчөлөрүнөн арыз үлгүсүн алып, аны толтуруу гана жетиштүү.
2022-жылдын 24-ноябрда Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз комитетинин убактылуу төрагалыгына шайлоо болуп өттү. Шайлоого ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин президиумдун 14 мүчөлөрү катышты. Бардык мүчөлөр бир добуш менен ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрайымынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп Таштемирова Альбина Абдыкалыковна бекитилди.
ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин 2022-23 окуу жыл үчүн иш планы
Курамы:
Таштемирова Альбина Абдыкалыковна- ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрайымынын у.м.а., 0553959695 naasana@mail.ru.
Маматова Минавар Халыковна – ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин бухгалтери, 0772382995
Калыкова Айгүл Абдиллатифовна – ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин иш алып баруучусу, 0220539894
ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин курамы:
- Таштемирова Альбина Абдыкалыковна — ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрайымынын убактылуу милдетин аткаруучу.
- Маматова Минавар Халыковна — профкомдун башкы эсепчиси
- Калыкова Айгул Абдиллатифовна — профкомдун иш алып баруучусу
- Тойгонбаева Фарида — административдик башкаруу бөлүмүнүн профбюросунун төрайымы
- Раимжанова Миргул – Архитектура жана Курулуш факультетини профбюросунун төрагасы
- Мурзакулова Гулниса — Энергетика факультетинин профбюросунун төрагасы
- Тажибаев Жоомарт — Автоунаа факультетинин профбюросунун төрагасы
- Абдыраева Нурипа Рахматтиллаевна — Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин профбюросунун төрайымы
- Атабаев Султанмахмуд– Экономика жана башкаруу факультетинин профбюро төрайымы
- Маматкадырова Бурулай – Технологиялык колледжинин профбюросунун төрайымы
- Оморов Жумабек — Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин профбюросунун төрагасы
- Маралов Омурбек Салимович – Табигый технологиялык факультетинин профбюросунун төрагасы
- Токтосунов Абдыгапар Манасович – Административдик чарба бөлүмүнүн профбюросунун төрагасы.
Президиумдун мүчөлөрү:
- Мамытов Улукбек – 1 проректор ОшТУ.
- Арзыматов Азизбек – ТжЖКФнин БЖД каф. доценти.
- Тойгонбаева Фарида – Административдик башкаруу бөлумунун профкомунун төрайымы;
- Абдыраева Нурипа – КжМТФнин профкомунун төрайымы;
- Раимжанова Миргул – АжКФнин профкомунун төрайымы;
- Таштемирова Албина – ГТКнын профкомунун төрайымы;
- Дубанакулов Муса – ТжЖПФнин төрагасы;
- Токтосунов Абдыгапар – АЧБнын профкомунун төрагасы;
- Тажибаев Жоомарт – АУФнин профкомунун төрагасы;
- Астанова Саламат – ЭжБФнин профкомунун төрайымы;
- Маралов Омурбек – ТТФнин профкомунун төрагасы;
- Мурзакулова Гулниса – ЭФнин профкомунун төрайымы;
- Кадырбердиева Бусалима – чет тилдер каф. окутуучусу;
- Ыдырысов Рамис – ОшТУнун ТИжСӨДнин диретору;
- Мамасалы уулу Нурмухаммед – Жаштар комитетинин төрагасы;
- Абдыкайым кызы Айзирек – ИКТиСС-1-19 группасынын студентти;
- Маткасымова Алима – информатика каф.окутуучусу;
ОшТУнун профкомунун ревизиалык комиссиясынын курамы:
- Сайдаматов Шайырбек Мурзаевич – Ревкомдун төрагасы КжМТфнин деканы, к.т.н. профессор
- Айтиев Мыктыбек Арапбаевич – ОшТУнун окуу иштери боюнча департаментинин башчысы, доцент
- Кадырова Акшоола Акпаралиевна – ОшТУнун “Жаштык” ТВнын редактору.
ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин акыркы 6ай аралыгында жасаган маданий иш чаралары:
Жаңы жылга 2022 жаңы жылга ОшТУнун жалпы кызматкерлеринин балдарына ОшТУнун профсоюз комитети тарабынан 1820 балага жаны жылдык белек даярдалып берилди.
Ошол эле учурда ОшТУда иштеген жалпы кызматкерлеринин балдарына балаты кечеси да профсоюз комитети тарабынан өткөрүлдү.
Андан сырткары Административдик башкаруу бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн жаңы жылдык корпаратив кечесинде уюштурулган конкурстун жеңүүчүлөрүнө профсоюз комитети тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.
Аны менен катар эле ОшТУнун жалпы студенттери үчүн уюштурулган жаңы жылдык кечеге профсоюз комитети тарабынан материалдык колдоо көрсөтүүлдү.
Жолдомолор:
ОшТУнун кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүү максатында, К.Мамакеев санаториясына коммерциялык негизде 3 жолдомо, Джалал-Абад санаториясына 4 жолдомо берилди ошону менен билге, көгүлтүр Ыссык-Көл санаториясына 2 жолдомо берилди. Ар бир келген жолдомо тууралуу ар бир корпустун эшиктеринде кулактандыруу илинген.
Ошону менен катар эле профсоюз коимтетине арыз менен кайрылып материалдык жардам алгандардын саны 40тан ашун.